Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

ТУРСУНБЕК АКУН: ИИМ МЕНЕН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ БӨРК АЛ ДЕСЕ, БАШ АЛЫП ЖАТАТ


Буга чейин кабарларда айтылгандай оппозициянын апрелдеги митинги учурундагы болгон баш аламандык боюнча айыпталып жаткан Адилет Айтикеевдин баш коргоо чарасы боюнча арыз бүгүн сотто каралганы жатат. Ошол эле учурда айрым укук коргоочулар өлкөдөгү адам укуктарына байланыштуу жагдайга тынчсызданууларын билдиришүүдө. Ушул маселелер боюнча адам укуктары боюнча президенттин карамагындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акун “Азаттыкка” маек куруп берген.

- Алгач айтсаңыз Адилет Айтикеевдин кармалышы боюнча пикириңиз кандай. Дегеле ага коюлган айып канчалык негиздүү?

- Ага 19-апрелдеги коюлган айыпты негизсиз деп эсептейм. Анткени, “Канжар” жаштар тобунун жетекчиси Адилет Айтикеев эмес. Ал Жалын Маматказиев. Ал жигит учурда качып жүрөт. Ал эми Адилет Айтикеев акын жигит. Өнөрү бар, чыгармачыл жигит. Жөн жерден ошол жаштар кыймылына катышып калган. Эми аны камап, ага кылмыш ишин козгоого эч кандай зарылчылык жок болчу. Бирок, Адилеттин бир чоң кемчилиги бар. Ал кемчилик качып кеткенде болуп жатат. Качпаш керек эле. Тергөөдөн качып, соттон качып, жашырынып жүрүп алган. Качкандыгы үчүн кошумча берене кошулуп учурда кармалып турат.

- Апрель митингисиндеги тополоң боюнча айыпталган төрт жаранды буга чейин сот төрт жылга абакка кескени белгилүү. Эми Адилет Айтикеевдин мындан кийинки тагдыры кандай болушу мүмкүн?

- Учурда Айтикеев жана төрт жаранды бошотуу боюнча биздин комиссия аракеттерди катуу көрүп жатат. Адилет Айтикеевди сотко жеткирбей, сот болсо дагы аны толугу менен актап алуу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Сотко чейин аны бошотуп коюш керек. Ал эми берки төрт жараныбызды бошотуп албасак дүйнөлүк коомчулуктун алдында уят болобуз. Ал эми Адилет Айтикеевди кылмыш иши боюнча соттоонун эч кандай зарылчылыгы жок. Жаза кодексинин негизинде жазага тартса болот 10-15 күнгө, айып пул сыяктуу кылса болот.

- Соңку күндөрү “Диктатурага жок де!” деген акциянын айрым катышуучулары укук коргоо органдары тарабынан кармалганы белгилүү. Ушундан улам укук коргоочулар жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугу бузулгандыгын айтышып, тынчсызданышууда. Буга кандай карайсыз?

- 10-ноябрда кармалган жаш жигиттердин кармалышын мен мыйзамсыз деп эсептейм. Аларды кармаган Улуттук коопсуздук комитетинин кишилери, Ички иштер министрлигини өкүлдөрү Кыргызстандын эл аралык милдеттемелерин сыйлашкан жок. Андан сырткары Конституцияны, адам укуктары боюнча жалпы декларацияны сыйлашкан жок деп эсептейм. Укук коргоочулар Акүйгө пикетке чыкканда алардын көбү буга Акүй, президент Бакиев күнөөлү деп жатышат. А мен түшүндүрүп айттым. Буга Бакиевдин же администрациянын эч кандай тиешеси жок деп. Биз аларга баланча балдарды карма деп тапшырма берген эмеспиз жана кармаганга каршыбыз. Улуттук коопсуздук кызматы, ички иштер министрлиги баш ал десе, бөрк ал болгон саясатты жүргүзүп, Акүйгө жагынгысы келип ушундай иштерге барып жатат. Мындай кошоматка президент эч качан муктаж эмес.

- Жогорудагыдай окуялардан улам укук коргоочулар өлкөдө адам укугу коркунучта экендигин белгилешип президентке Баш мыйзамдын гранты катары жарандардын конституциялык укугун сактоо талабы менен кайрылышканы белгилүү. Адам укуктарына байланышкан соңку окуялардан президенттин кабары барбы?

- Президенттин бул боюнча толук кабары бар деп айтуудан алысмын. Бирок, кандайдыр бир деңгээлде анын маалыматы бар. Президент Жапонияга кетип, ага дагы даярдык болуп көп бошобой жатат. Бирок ошондой болсо дагы биз толугу менен маалыматтарды берип жатабыз. Ал келээри менен президентке жолугуп, айтып түшүндүп беребиз.

- Маегиңизге рахамат.
XS
SM
MD
LG