Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

ОРУСИЯДА ТАЗА ШАЙЛОО БОЛОРУНА КАЛКТЫН ИШЕНИМИ ӨТӨ ТӨМӨН


Орусиялыктар Мамлекеттик Думага 2-декабрда боло турган шайлоо жөнүндө кандай ойдо? Бул жөнүндө «Свобода» радиосунун тапшырмасы боюнча Юрий Леваданын борбору уюштурган коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарынан билсе болот.

Сурамжылоо 2-октябрдан 13-октябрга чейин жүргүзүлүп, ага 18 жаштан жогорку 4319 адам катышкан. Андагы көрсөткүчтөргө караганда, сурамжылоого катышкандардын 18,4% гана шайлоо таза өтөрүнө ишенет, 65% ишенбейт. Ошол эле убакта шайлоодөн бир майнап чыгарына ишенгендер мурдакыдан кыйла көбөйгөнү байкалат.

«Орусияда таза шайлоо өтөрүнө ишенимдин деңгээли өтө эле төмөн»,-деп белгилейт Левада борборунун директору Лев Гудков. –Бирок мени таңкалтырганы - шайлоо өздөрүнүн турмушунда кандайдыр бир өзгөрүүлөргө алып келет деп ишенгендердин саны мурдакы сурамжылоолорго караганда абдан көп пайыз болуп жатканы. Ошондуктан, алар добуш берүүгө катышып жатышат».

Респонденттердин 70 пайызы Орусияда демократиялык шайлоо болбойт дегенге караганда маанилүү деген жоопту беришкен. Демек, адамдар демократиялык шайлоону каалашат, бирок анын ишке ашарынан үмүт да кылышпайт.

«Демократиялык таза шайлоолор абдан зарыл. Бардык сурамжылоолордо ушундай тилек айтылат. Бирок турмушта башкача болууда. Шайлоо административдик ресурсту колдонуу менен өткөрүлөт. Албетте, бийликтин партиясына толтура артыкчылык берилип келген жана азыр да берилип жатат»,-деп белгилейт эксперт.

Сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча «Индем» фондусунун президенти мындай пикирин билдирди: «Өзгөчө ойго салгыдай деле эч нерсе көргөнүм жок. Баардыгы белгилүү нерселер. Шайлоо партиялардын жана шайлоочулардын эркинен эмес, Путин жана анын командасынан көз каранды деп эсептегендер дээрлик 50%. Шайлоого ишенимдин жана ишенбөөчүлүктүн өз ара катышы адаттагыдай эле көрүнөт. Эгер шайлоого барган адамдар жана анын себептерин билдиргендер жөнүндө айтсак, албетте, негизги себептер жеке турмуш менен байланышкан (үй-бүлө, эмгек акы, коопсуздук маселелери). Чындыгында белгилүү эле жооптор берилген».

Орусиялыктардын 52% шайлоодон кийин өздөрүнүн турмушунда жана үй-бүлөсүндө жакшы өзгөрүүлөр болот деп күтүшөт. 42,7% эмгек акы жана пенсия жогорулайт, 26% социалдык туруктуулук жана коопсуздук жашырат деп үмүт кылышат. Бирок саясий үмүт тилектер анчалык жарык жана бекем эмес. Социологдордун пикиринде орусиялыктар күнүмдүк маселелерге караганда саясатка алда канча аз кызыгышат.

Сурамжылоонун графикалык көрсөткүчтөрүн төмөнкү даректен таап окусаңыз болот.

http://www.svobodanews.ru/Article/2007/11/15/20071115150817957.html

http://www.rferl.org/photogallery/369.html

XS
SM
MD
LG