Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

СААКАШВИЛИ КАЙРАДАН ОРУСИЯНЫ АЙЫПТАДЫ, БИРОК ГРУЗИЯДА КОЛДООГО ЭЭ БОЛГОН ЖОК


Каарманбек Кулуев, Бишкек Полиция жана оппозиция ортосундагы кагылышуулардан кийин Грузия бийлиги абдан олуттуу саясий кризисти башынан өткөрүп жатат. Президент Саакашвили: “Мунун баарын Орусия тымызын жасатып жатат”,- деп айыптаса, айрым серепчилер Президент бул айыптоолорду элдин көңүлүн өкмөттүн катачылыктарынан алаксытуу үчүн гана айтылганын белгилешет.

2003-жылы батышчыл президент Михаил Саакашвили бийликке келгенден кийинки грузин-орус мамилелерининде бири-бирин айыптап, бири-бирин баардык жамандыктарда күнөөлөө эки өлкө ортосундагы мамилелерде өнөкөткө айланган. Өлкөдөгү кризис күч алган соң эле күнөөлүүнү издеген Саакашвилинин сөөмөйү кайра Москвага багытталып турат.

"Мен азыр буга чейин эч кимге айтпаган нерсени айтайын: Өткөн жылы Минскиде өткөн КМШ саммитинде Путин мага: “Орусия Абхазиядан экинчи Кипр кылып салат”, - деп айткан.

Абхазияны Кипр сымал экиге бөлүүгө аракеттенген Орусия, Саакашвилинин айтымында, Грузияга өзүнүн жашыруун кызматтарын иштетип, 7-ноябрда Тбилисиде оппозицияны митингге чыгарды. Элдин бүт көңүлү борбор калаадагы саясий кырдаалга бурулуп турганда орустар Абхазияга танкаларды, ракета ташыгыч, артиллериялык замбиректерди жана 200дөй жоокерди киргизип жатат. Мындай маалыматты Грузиянын Конфликтти чечүү министри Давид Бакрадзе таратты.

Орус бийликтери да, абхаз лидерлери да бул билдирүүнү четке кагышты жана буга чейин киргизилген баардык аскерий күчтөр тынтчыкты сактоо максатын гана көздөшөт деп билдирди. Анын үстүно өткөн шейшемби, 13-ноябрда, Орусия Батумидеги аскерий базасын жаап, кылымдардан бери Грузияда жайгашкан орус аскерлери эми аймактан чыгып кетишти дешкен. Бирок Абхазиядагы Гудаута шаарында Орусия күчтөрү жайгашкан КМШ аскерий базасы бар. Грузиянын айтымында, бул база Орус бийликтери тарабынан абхаз сепаратисттерин колдоого жумшалат. Анын үстүнө, кайра Абхазияга киргизилген Орусия аскерий күчтөрү жөнүндөгү шектенүүлөр Тбилисиге анти-Орусиялык маанайды күчөтүүгө негиз берет.

"Грузияга каршы ачык аргессия бар. Ал Орусия тарабынан баардык эларалык жана эки жактуу келишимдерди бузууда байкалат. Орустар биздин бийликти алмыштарууга багытталган түрдүү кыймал, лидерлерди, жада калса, ачык эле колдошот", - дейт грузиялык саясий серепчи Тимур Якобашвили.

НАТОго кирүүнү самаган Грузиянын жаңы бийлигине карата Москванын позициясы башынан эле айкын болчу. 2006-жылы грузиялык вино, жашылча-жемиштер жана минерал суулары санитардык нормаларга жооп бербейт деген шылтоо менен Орусия базарынан айдалган. Бир ай өтпөй Орусиядагы баардык грузиялыктар куугунтуктоого дуушар болуп, кошуналар ортосундагы транспорт каттамдары токтогон. Мунун алдында Грузия төрт орус жоокерин тыңчы деп, барымтага алган эле.

Грузин-орус мамилелеринин катаалдыгына жана Орусиянын Абхазия жана Түштүк Осетиядагы аракеттерине карабсатан, бийликтин оппозиция менен болгон соңку кагылышууларына орустардын тиешеси бар экенине, негизинен, Саакашвили менен анын командасынан башкалар көп ишенишпейт.

Марина Мускхелишвили – Тбилисидеги саясий серепчи:

"Грузин-орус чатагы Грузиянын автономиялуу региондору жана НАТОго кошулуу саясаты жаатында гана жүрөт. Оппозиция менен болгон Тбилисидеги бийлик үчүн күрөш такыр башка нерсе. Грузияда соңку ай ичи күчөгөн кризисте Орусия эч кандай роль ойногон жок".

7-ноябрда болгон демонстрация учурунда Грузия Ички Иштер Министирлиги оппозиция башчылары орус тыңчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү деп чыккан. Бирок Британияда жайгашкан Согуш Жана Тынчтыкты чагылдыруу Институтунун Грузиядагы эскперти Томас де Ваалдын айтымында, Орусия тууралуу сөз болгондо бийлик да, оппозиция да бирдей көз карашта.

"Албетте, Түштүк Осетия жана Абхазия маселесинде Орусия кийлигишкен. Иш жүзүндө бул эки аймак Орусия тарабынан көзөмөлдөнөт десек да болот. Бирок ички саясат тууралуу сүйлөгөндө, Орусиянын тиешеси бар дегенге негиз жок. Оппозицияны колдогон олигарх Бадри Патаркацишвили өзү Орусияда издөөгө салынган, анткени ал Борис Березовскийдин өнөктөшү. Оппозицияны карасаңар, алардын көбү, бийликтей эле, анти-Орусиялык маанайдагы кишилер".

“Саакашвилинин “Баарына Орусия күнөөлүү!” деген саясаты күтүлгөн эле нерсе, бирок ал бара-бара элди тажатып салат”, - дейт де Ваал.

Сергей Маркедонов - Москвадагы Саясий жана Аскерий Анализдөө Институтунун эксперти. Анын айтымында, Орусияны жек көргөн Грузия бийлиги өзү Орусиядан көп деле айырмаланбайт.

"Грузия Орусиянын жаман өнөрүн үйрөнүптүр. Орусиядагы саясатчылардын көбү кечке эле Батышты күнөлөшөт: Батыш саргылт революцияны жасады, Батыш кызгылт революцияны жасады, Батыш СССРди кулатты. Грузияда азыр кудум ошол эле сценарий, бирок душманды алмаштырып коюшту. Батыш эмес, Орусия баарын күнөлүү деп. Грузия да, Орусия да, башка өлкөлөр да – бары, жон эле, пост-советтик өлкөлөр. Алардын ой-жүгүртүүсү да бирдей. Болгону душмандары алмашып турат".
XS
SM
MD
LG