Фонддун жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин билдиргенине караганда, Түштүк Кореялык ишкерлер 1 млрд долларлык ченемдеги долбоорлорду сунуш кылууда. Алардын катарында таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана куруу боюнча долбоору бар. Бул максатта Бишкектин түштүгүнөн 60 гектар жер суралууда. Кыргызстан-Түштүк Корея инвестициялык алакаларын тараптар премьер министрдин милдетин аткаруучу Алмаз Атамбаев баштаган 36 ишкердин катышуусунда Сеулда талкуулаганы жатат. Делегациянын расмий сапары 18-ноябрда башталат. (BuS)