Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

08:52 Кыргызстандык адвокат Саидкамол Ахмедов Таштүрмөдө отурат


Качкын макамын беш ай мурда алган кыргызстандык адвокат Саидкамол Ахмедов кыргыз тараптын издөөсү менен кармалып, 5-сентябрдан бери Ташкент түрмөсүндө отурат. Бул тууралуу «Фергана.ру» агенттиги адвокаттын уулу Саиджамолго шилтеме берип таратты. Мындай маалыматты укук коргоочу Азиза Абдирасулова да тастыктады. Анын билдиргенине караганда,Ахмедов Кыргызстандын жараны, тартип коргоочулардын кысымына кабылган адвокат качкын макамын Качкындар иштери боюнча БУУ комиссарлыгынын Казакстан бөлүмүнөн сураган. Ал Алматыдан Ташкенге үй-бүлөсүнө келгенде кыргыз тараптын издөөсүнө ылайык кармалган. «Фергана.рунун» маалыматына караганда, учурда 300 чамалаш кыргызстандык жарандар Өзбекстанда камакта отурушат. Укук коргоочу мындай маалыматтын чындыгы болушу толук ыктымал деп болжойт. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG