Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

ТҮРКМӨН ГАЗЫ АШХАБАДГА КИМДИ АЛЫП КЕЛБЕДИ


Ашхабадда мунай- газ прблемасына арналган чоң эларалык конференциясы аяктады. Жыйынга АКШнын жана Евробиримдиктин мартабалуу ырасмий адамдары, 33 өлкөдөн башындагы 300дөй компаниянын, анын ичинде “Shevron”, “British Petrilium” сыяктуу алп оюнчулардын өкүлдөрү катышты. Мунун өзү, байкоочулардын айтымында, Түркмөнстан Батышка газ кендерин ачууга жана тышкы капиталга өтө кызыкдар экенин, Батыш өлкөлөрү да альтернативдүү газ булагын издеп жатканын көрсөтөт.

Бир жылдай илгери президент Ниязов о дүйнө сапар салып, бийликке Гурбангулы Бердимухаммедов келгенден тарта Түркмөнстан тышкы капиталга каалганы кененирээк ачууга кызыкдар экенин көрсөтүүдө. Өлкөнүн мунай-газ жана табигый ресурстар министри Баймурад Хожомухаммедов форумда сүйлөп, Ашхабад “газды тышкы базарга чыгаруунун түрдүү жолдорун курууну” отун энергия саясатынын негизги багыты деп билээрине көңүл бурду. Президент Бердимухаммедов сентябрда Вашингтондо барганд Түркмөнстан чет өлкөлөр, анын ичинде АКШ менен газ боюнча кызматташууга өзгөчө маани бергенин айткан.

“Түркмөнстандын мунай- газы- 2007” деп аталган конференцияга АКШнын отун энергия министри Сэм Бодмендин, Евробиримдиктин энергия комиссары Андрис Пибалгс, эларалык отун базарындагы “British Petrilium” жана “Shevron” сыяктуу чоң оюнчулар башындагы көптөгөн компаниялардын өкүлдөрү келди. Мындай маанилүү коноктордун жабыла келүүсү, France Press агенттиги белгилегендей, Борбор Азиянын газга бай өлкөсүнүн Батыш базарына Орусияны айланып чыгуу аракетин күбөлөйт. Бердимухаммедов ырас эле Евробиримдикке газды түз сатууну туура көргөнүн Андрис Пибалгс да эки күндүк жыйын соңунда билдирди.

Түркмөнстан жылына 70 миллиард куб метрге жакын газ өндүрүп, анын төрттөн үчүн тышкы базарга сатат. Көгүлтүр отундун 60 проценттен көбүн же 45 миллиард куб метрин Орусиянын “Газпрому” бир миң кубун 100 доллардан сатып алат. Бул Орусия Евробримдикке саткан баанын теңине да жетпеген акча.

Евробиримдик Ашхабаддан газды түз сатып алуу үчүн Түркмөнстанды транскаспий долбооруна тартууну калайт. Биримдиктин комиссары Пибалгас жыйындан кийин билдиргенге караганда, түркмөн лидери Каспийдин кенбайлактарын өздөштүрүүдө тышкы инвесторлор менен чогуу иштешүүгө макулдук берген. Бирок, Батыш компаниялары өлкөгө тартынбай келүүсү үчүн Түркмөнстан өз мыйзамдарын эркин экономиканын шартына ылайыктап, салык системасын реформалоосу зарыл экенин АКШнын отун энергия министри эскертти. Сэм Бодмэн түркмөн президенти менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Батыштын Түркмөнстандагы саясаты Москвага каршы багытталган деген кепти четке какты. “Бүгүн биз бир жыл мурда ойлобогон иштерди жасап жатабыз. Кошмо Штаттары узак мөөнөттүк кызматташууга даяр”, деп кошумчалады ал.

Түркмөнстанды өзүнүн кызыкчылык орбитасында деп эсептеген Москва Ашхабаддагы жыйынга мартабалуу ырасмий адамын жөнөткөн эмес. Бул- Түркмөнстан эч кайда качып кеталбайт деген ишеним Орусияда күчтүү экенин ырастайт деп тыянак кылат Ройтерс агенттиги.

Түркмөнстандын газ кору 2, 1 триллион куб метрден аз эмес деп эсептелет жана өлкө көгүлтүр отундун кору боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат.
XS
SM
MD
LG