Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:31

ИЧКЕРИЯ ЧЕЧЕН РЕСПУБЛИКАСЫН ЭМИ СҮРГҮНДӨГҮ ПАРЛАМЕНТ ЖЕТЕКТЕЙТ


Ичкерия чечен республикасынын сүргүндөгү парламенти бул республиканын президенти жана чечен козголоңчуларынын жол башчысы Доку Умаров жакындагы билдирүүсү аркылуу өз ыйгарым укуктарынан чегинди деп тапты. Сүргүндөгү чечен парламентинин чечимине ылайык, Ичкерия чечен республикасынын президентинин жана өкмөт башчысынын бийлиги эми парламенттин кармагына өттү. Сүргүндөгү чечен лидерлери мындай кадамы менен мыйзамдуулукту сактоо аракетин көрүп жаткандай.

Ичкерия чечен республикасынын 1997-жылы шайланган президенти Аслан Масхадов 2005-жылы орус коопсуздук күчтөрү тарабынан жок кылынгандан кийин анын ордун чечен талаа командирлеринин бири Абдул –Халим Сайдуллаев баскан. Ал да былтыр июнь айында кайра эле орус коопсуздук күчтөрүнүн операциясы учурунда өлтүрүлгөндөн кийин Ичкерия чечен республикасынын президенттигине экинчи бир талаа командири Доку Умаров дайындалган эле.

Курагы 30 жаштын ары жак, бери жагындагы ошол Доку Умаров октябрь айынын аяк ченинде видеотасма аркылуу таратылган билдирүүсүндө Орусияны эле эмес, мусулмандарга каршы иш кылгандардын баарын, анын ичинде Батыш өлкөлөрүн да өзүнүн душманы деп атап, ага катар өзүн жаңы бирикменин – Түндүк Кавказдын эмири деп жарыялаган болчу.

Анын мындай билдирүүсүн сүргүндөгү чечен лидерлери айыптоо менен кабыл алды. Алар ошондой эле, балким, Доку Умаров Орусиянын пайдасы үчүн алданган болушу мүмкүн деп шек санашууда. Чечендердин козголоңчул кыймылын дискредитациялоо максатында, Орусиянын атайын кызматтары аны ушундай билдирүү жасоого көндүргөн болушу ыктымал. Муну соңку жылдары жаштардын кошулуусу менен чечен жикчилери радикалдашканы жана чоң жоготууга учурагандыктан, алардын глобалдык жихадга кошулуу аракеттерин сырттан колдоо алууну көздөгөндүк катары баалагандар да бар.

Айтор, Доку Умаровдун соңку билдирүүсү үчүн айыптагандардын бири, азыр Ичкерия чечен республикасынын тышкы иштер министри деп эсептелген Ахмед Закаев "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Түндүк Кавказ редакциясына берген интервьюсунда мындай деген эле:

-Алар ислам жөнүндө эмне айтпасын, жасап жаткандары кандай болгон күндө да мусулмандар үчүн пайдалуу эмес. Алардын буга чейин кылгандары 15 жылдан бери көз карандысыз чечен мамлектин жок кылууну көздөгөндөргө жардам гана берүүдө. Биз аларга мындан ары муну жасоосуна жол бере албайбыз. Мен ишенимимде, исламга негизделип айтылгандын баары күлкүлүү болбошу абзел. Алардын халифат жөнүндөгү билдирүүсү күлкүлүү жана Чеченстандын гана эмес, бүткүл Түндүк Кавказдын мусулмандарына зыянын тийгизүүдө.

Ал эми сүргүндөгү чечен парламентинин төрагасы Жалоуди Сараляповдун колу коюлган токтом 6-ноябрь күнү chechennews.com, chechenpress.info деген интернет сайттарда басылды. Анда Доку Умаров өзүн Түндүк Кавказдын эмири деп жарыялоо менен Ичкерия чечен республикасынын президенттик жана өкмөт башчылык кызматынан чегингени, президент менен өкмөт башчынын ыйгарым укуктары парламентке өткөнү айтылган. Сүргүндөгү чечен парламенти өз чечимин республиканын 1992-жылкы Конституциясына негиздеген. Алар Умаровдун аракети Конституцияга гана каршы келбестен, көз карандысыз чечен өлкөсүнүн укуктук негиздерине шек келтирет деп эсептейт.

1997-жылы Аслан Масхадовдун тушунда шайланган чечен парламентинде 63 депутат болгон. Алардын айрымдары 1999-жылы тутанган согуш учурунда каза тапты, айрымдары Москваны колдогон жаңы бийлике кошулду, сүргүндө азыр болгону 10 депутат жашайт. Андыктан, алардын чечиминин мыйзамдуулугу да күмөн санатууда. Сүргүндөгү чечен парламентарийлеринин Доку Умаровдун Түндүк Кавказ эмираты жөнүндөгү жарыясынын Чеченстандын көз карандысыздыгына тийгизген кесепетин азайтуу аракети түшүнүктүү болгону менен Ичкерия чечен республикасынын президентинин милдетин аткаруучу катары бир адамдын талапкерлигине эмне үчүн токтой албаганы беймаалым.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG