Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

10:15 Кытай жарандарынын визасын мыйзамсыз узартуу фактысы ачылды


Бул маселе боюнча ички иштер министрлиги өткөн күндөрү кезексиз коллегиясын өткөрдү. Анда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын паспорттук-визалык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы А.Исановага 4200 доллар жана 1400 сом пара берип жаткан учурда А.Абдуллаев аттуу жаран кармалган фактысы талкууланды. Маалыматка караганда, А.Абдуллаев 23 кытай жаранынын визасын мыйзамсыз узартуу аракетин жасаган. Ага Чүй облустук милициясынын паспорт жана виза бөлүмүнүн башчысы Н.Бектуров кол коюп берген. Ички иштер министрлигинин коллегиясында Бектуров милиция кызматынан бошотулуп, бир катар кызматкерлерге эскертүү берилген. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG