Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Алмазбек Атамбаевдин Ысыккөл облусуна жумуш сапары уланууда. Ал бүгүн Жетиөгүз районундагы Кумтөр алтын кенинде болот. Анда комбинаттын иши менен таанышып, эмгек жамааты менен жолугушууларды өткөрөт. (AiT)