Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:52

БИР МИЛЛИОН КЫРГЫЗ КАЙДА КЕТТИ?


«Борборду Түштүккө канчалык бат которсок, ошончолук жакшы». Мына ушундай сунушту бүгүн жарык көргөн «Агым» гезити аркылуу Кыргызстандын саясат таануучулар бирикмесинин аткаруучу деректири Токтогул Какчекеев айтып чыкты. Белгилүү саясат таануучу Кыргызстан азыр «Баланын үйү-Бапанын алачыгы» болуп калганын, Түштүккө даана көңүл бурулбай жүрө берип Орусия менен Казакстанга 800 миң кыргыз кетсе, анын 600 миңи түштүктөн кеткенин, мындан башка дагы 400 миң түштүктүк Чүй бооруна келгенин, ошентип Түштүк миллион кишисинен кол жууганын, ошол эле учурда анын ордун коңшу өзбектер менен тажиктер толтуруп жатканын, мунун акыры Түштүктүн жоголушуна алып келерин белгилейт. Борборду Түштүккө көчүрүш керек, анткени борбор бийликтин синонимии. Раззаков, Масалиевден кийин бийлик түндүккө өтүп кетти деген көйгөй ынтымактын ыдырашына себеп болгон. Көчүрүлсө өлкөнүн коопсуздук маселелси да ошончо тез чечилмек. Орусия, Казакстанда жүргөн түштүк кулундары кайтып келип элине кызмат кылмак дейт саясат таануучу Т.Какчекеев.

Гезит мындан тышкары алдыдагы парламенттик шайлоонун парттизмесине Хизб-ут-Тахрир партиясынын 3-4 мүчөсү катталганын редакцияга илим доктору Жолборс Жоробеков билдиргенин, жакында «24 саат» деп аталган саясый багыттагы жаңы гезит жарыкка чыкканы жатканын, жогор жактан атактуу ырчы К.Тураповго маданият министри болуп бер деп сунуш түшсө, ал баргысы келбей турганын…жб. кабарлады.

«Жаңы ордо» гезити «Жылда тууса жылда жок…» же өкмөттүн куру кыйкырыктары» деген макаласында Кыргызстандын расмий бийлигинин экономикада өсүш болуп атканы жөнүндөгү оптимисттик билдирүүлөрүн айрым экономисттер, эксперттер адаттагы апыртма катары баалап жатканын шилтеме кылып, мисалы Атамбаевдин өкмөтү Кумтөр алтын кени боюнча акцияда Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүгө кылган далалатын айтпаганда, башка олуттуу иши байкалбайт деп жазды. Гезит салык төлөмдөрү, казына кирешелери көбөйгөнү менен тамак-аштын баасы асмандаган бойдон турганын, дүйнөдө экономиканын ар кандай алай-дүлөйүнө туруштук бере турган өлкөлөрдүн тизмесине 139 өлкө кирсе, анын 119-орунунда Кыргызстан турарын, кошуна Өзбекстан бизден алда кайда алыс же 66-орунда экенин, айткан сөз иш менен бекемделгенде гана өкмөт эл ишенимине ээ болот деп кошумчалайт.

«МСН суббота» гезити буга дейре далай жолу жазыла берип майнап чыкпай келаткан темага- күжүлдөтө эл чакырып, күркүрөтө той берүүгө айрыкча мамлекеттик атка минерлер арасында тыйуу салынса да, токтом токулган жеринде кала берип, маркумду акыркы жайына узатуу сапарында ашыкча мал сойуу, ашыкча той берүү үлпөттөрү токтомок тургай күчөп баратканын сөз кылган.

«Аалам» гезити Кыргызстандын Түштүгүндө мектеп кабинеттерин, суу пайдалануучу бирикмелердин жана айыл көчолөрүнүн аттарын президенттин жакындарынын ысымдары менен атоо аракеттери жүрө баштаганын, мисалы Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылынын бир көчөсүн Бакиевдин атасы Сали Бакиевдин аты менен, дагы бир жергиликтүү мектептин кыргызтил кабинетин аялы Татьяна Бакиеванын аты менен, суу пайдалануу бирикмесинин атын иниси Жусуп Бакиевдин аты менен атоо үчүн демилгечи топтор кол топтоп баштаганын «Үмүт» аттуу өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Дилфруз Рахманова билдиргенин маалымдады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG