Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

ЖОЛБОРС ЖОРОБЕКОВ: ПАРТИЯЛЫК ТИЗМЕГЕ ХИЗБУТЧУЛАРДЫН КИРИП АЛГАНЫ ӨКҮНДҮРӨТ


Кыргызстанда 16-декабрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн партиялардын жетишкени курултайларын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитип бүтүшүп, кайсы партиядан кимдер чыга турганы белгилүү болду. Ошентип, Кыргызстан алгач ирет партиялык тизме менен шайлоого бара жатат. Айрым партиялардын тизмесине диний-экстремисттик “Хизбут-Тахир” партиясынын жашыруун жактоочулары кирип алганы да айтылууда. Бул жөнүндө “Азаттыкка” саясат таануучу Жолборс Жоробеков билдирди.

- Партиялык тизме менен чукул шайлоо жарыяланып, көпчүлүк партияларды шаштырып койду окшойт. Ошондой болсо да шайлоого барчу партиялар текши курултайларын өткөрүп бүтүштү. Сиз ошол жыйындардан эмнени байкай алдыңыз?

- Биринчиден, албетте, партиялык шайлоону мурда кийин өткөрбөгөндүктөн азыр көбүнчө партияларда эптеп депутаттык мандатка жетсем деп партиянын идеялары, платформасы, максаттары үчүн эмес эптеп ошол партиянын аты менен депутат болууну көздөгөндөр бир топ басымдуулук болуп калды. Кызыгы бир-эки күндө байкаганым, бир топ партиянын катары мени өкүндүрүп, ойго салып жатканы болду. “Хизб-ут-тахрир” партиясынын материалдык колдоосуна ыктаган жигиттердин ошол жерде болушу, албетте, өкүндүрөт. Сөөмөй менен кесеп тиги фамилия деп айткан туура эмес болуп калар. Мына ушундай жагдайлар бар.

А бирок кандай болбосун, эмне дебейли, бул биздин бир мандаттуу округдардан шайланып келгендерге караганда, партиялык тизме менен шайлануу азыркы биздин партиялык курулушта, дегеле биздин Кыргызстандагы ситуацияда бир топ алга жасалган кадам деп эсептеймин. Анткени, Кыргызстанда көптөгөн жылдардан бери кайра-кайра шайлоолорду өткөрүп жатып элибизди бир топ бөлүп-жарууга алып келгенбиз. Андыктан мен парламенттик шайлоонун 100 %партиялык тизме менен болгонун абдан колдоймун. Көч жүрө-жүрө оңдолот деп кыргыздар айткандай, албетте, кийинки шайлоолор да оңдолуп кетет деген негиз бар.

- Айрым талдоочулар эмитен эле шайлоонун жыйынтыгы элдин эрки менен эмес бийлик каалагандай болот деген божомолдорун айтышууда. Шайлоо таза өтөөрүнө ишенсе болобу?

- Бул менин оюмча туура эмес деп ойлоймун. Эми реалдуу караш керек. Бир- эки эле партия болгондо ошентип айтсак болот эле. Акыркы маалыматтар боюнча менин билишимче он үч, он төрт партия болду. Ошол партиялардын ар биринин көзөмөлдөөчүлөрү, өкүлдөрү, шайлоо участкаларында болот. Анан кантип эле кимдир бирөө ошол рычагды пайдаланат. Кантип таза өтпөйт деп айтканга болсун. Бул азыртан эле бир нерседен коркуп, кичине алдына ала муш салып жиберген адамга окшошуп калып жатат. Мени оюмча мурдакыларга караганда бул шайлоо таза өтөт деген ишенич бар.

- Ал эми оппозициялык партиялардын дарамети канчалык. Бийлик партиясы менен тең тайлаша алабы?

- Менин оюмча бийликтин партиясы менен тең тайлаша алат. Жакшы парламентти алыш үчүн барыш керек. Теңме-тең болсо андан жакшы. Эгер 60 % дай өкмөттү, президентти жактагандар болуп, 40 % оппозициядагы партиялар келсе абдан жакшы болот. Бирок, андан коркпош керек. Оппозициядагы жигиттер дагы кыргыз үчүн күйүп Кыргызстанды оңдойбуз деген жигиттер. Эгерде чын-чынына келгенде 50-50 дөн болсо деле жаман болбойт. Анткени 100 % бир жактуу партия болуп калуудан коркуш керек. Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы кырдаал парламенттин жарымына же болбосо 40 пайызына оппозициядагы партиялар келет деп божомолдоого негиз берет.
XS
SM
MD
LG