Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

16-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Өзгөчө Сибирь корпусунун командири А. О. Дюгамель 1862-жылдын 16-ноябрында Пишпектеги Кокон хандыгынын чеби бузулуп баштагандыгын билдирген. 1912-жылдын 16-ноябрында Абдыкерим Сыдыков Пишпек уезддик начальниги Путинцевге арыз менен кайрылган.

Өзгөчө Сибирь корпусунун командири А. О. Дюгамель 1862-жылдын 16-ноябрында Аскер министри Д. А. Милютинге Пишпектеги Кокон хандыгынын чеби бузулуп баштагандыгын билдирген рапорт жолдогон. А. О. Дюгамелдин кабарлоосуна караганда орус аскерлери чепти алган күндөн баштап, коргоо мунараларын талкалоого киришкен. Чепти бузуу ишине Байтик баатырдын 500 адамы, орус тарабынан 300 аскер тынымсыз иштеп турган.

1912-жылдын 16-ноябрында кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири-Абдыкерим Сыдыков Пишпек уезддик начальниги Путинцевге арыз менен кайрылган. А. Сыдыков уезддеги аскер кызматына караштуу котормочулук бөлүмдө кызмат өтөөгө кызыкдар экендигин билдирген. 23 жашар Абдыкерим Сыдыковдун өмүр баяны толук текшерилип, бир жыл өткөн соң ал самаган кызматка алынган. А. Сыдыков буга чейин Верныйдагы эркек гимназияны бүтүрүп, Казан университетинин ветеринардык факультетинде билим алган.

1905-жылдын 16-ноябрында Пишпек шаарындагы почта-телеграф кызматкерлеринин козголоңу башталган. Почта-телеграф кызматкерлери өкмөткө каршы сүйлөшүп, бийликтен социалдык коргоолорду камсыз кылууну талап кылышкан. Козголоң он күн уланып, алардын бийликке койгон талабы аздыр-көптүр аткарылган.

1933-жылдын бу күнү кыргызстандык учкучтар Фрунзе-Каракол аба байланышын ишке киргизишкен. Учкуч Иеске менен Макеев биргелешип жаңы «У-2» самолету менен жүргүнчүлөрдү ташып башташкан. Учуу убактысы 5 саат, 10 минөт сүрүп, алар Токмок, Балыкчы жана Сазановка аралыгында токтошкон.
1934-жылдын 16-ноябрында Кыргызстан советтик сүрөтчүлөр биримдигинин коому уюшулган. Сүрөтчүлөр коому чыгармачыл изденүү менен бирге сүрөтчүлөрдүн кесиптик муктаждыгын жана коомдук маселелерин чечиш үчүн алпурушкан.


Бул күнү, 1917-жылы кызыл аскерлер Москва Кремлин алып, 1766-жылы француз композитору Родольф Крейцер, 1900-жылы драматург, киносценарист Николай Эрдман, 1919-жылы советтик дипломат Анатолий Добрынин, 1922-жылы португал жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Жозе Сарамаго, 1929-жылы айтылуу журналист Генрих Боровик жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG