Мындай маалыматты Кумтөр оперейтинг компанинин кызматкерлери бүгүн журналисттер менен жолугушууда билдирди. Ошондой эле “Центерра голд инктин” Торонто биржасындагы акцияларынын баасы 13 доллардан 16-17 Канада долларына көтөрүлгөнү кабарланды. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, жаңы парламент “Камеко” жана “Центерра голд инк” менен түзүлгөн келишимди жактырса, анда акциялардын баасы андан ары өсүп, Кыргызстандын кирешеси артат. (AiT)