Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Жаңы парламентке кимдер келет? Алардын курамы кандай болушу мүмкүн? Дегеле эларалык тажрыйбада партиялык парламент кандай куралат? Кыргызстанда чындап шайлоо шайма-шай өтөбү, бул жаатта реалдуулук кандай? Белгилүү саясатчылар, адистер жана партия өкүлдөрү дал ушул маселелерди, Эларалык өнүгүү жана саясат боюнча агенттиги уюштурган “Партиялык парламент: ал кандай болушу керек?” аттуу тегерек үстөлүндө талкуулашты.

Адистердин айтымында, Кыргызстанда парламент толук партиялык тизме боюнча келатканын жылыш дешке болот. Бирок, оюндун шарты бийликтин жогорку бутактарында чечилип, элдин пикири же кызыкчылыгы менен эсептешкендер көрүнбөйт. Бир катар саясатчылардын баамында, референдумдун дээрлик бурмалоо жолу менен өткөндүгү, бийликтин бир ууч адамдын колуна топтолгону буга күбө. Экс-депутат Кубатбек Байболовдун ырасташынча, болуп жаткан окуялар, тууралуу көпчүлүк элдин кабары жок. Анткени, өлкө боюнча бир беткей маалыматтар жайылууда. Экс-депутаттын пикиринде партиялык парламенттин кандай болушу керектиги эбактан белгилүү, андыктан, бүгүн “Кыргызстандагы партиялык парламент кандай болот?”,- деген суроо маанилүү:

- Айыл жергесинде Карыпкуловдун, азыркы Эшимкановдун “кара жашигинен” башка эч маалымат жок да. Ошондуктан эл азыр көбүн эсе кайдыгер жана эмне болуп жаткандыгы тууралуу түшүнүксүз абалда турат. Анан, биздин парламенттин кандай боло турганы белгилүү болуп калды. Чөнтөк, өзүнүн эрки жок, көш карашы жок, акүйдүн жетинчи кабатынан келген гана тапшырмаларды аткара турчу парламент түптөлүп жатат.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин айтымында, парламентке баягылар эле келатат. “Партиялык тизме боюнча шайлоо болгону жатканы менен мандаттарга эски доордун адамдары менен алардын уул-кыздары гана ээ болот”,- дейт талдоочу:

- Көпчүлүгү бул жерде регионалдык принципте куралат, анан акчалуулар келет. Андан бөлөк аялдар жана жаштар келеби дегенге келгенде, ал балдар дагы мурда Кыргызстанды бийлегендердин тукумдары болот. Ошондуктан «оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн» дегендей, байлардын балдары келип депутат болот.

Белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаковдун пикиринде, азырынча карапайым калктын партия кандай болушу керектиги тууралуу жана анын эмнесине маани берилиши жаатында түшүнүгү жок. Ошол себептүү көпчүлүк партия тизмесине кайсы саясий лидерлер киргенине маани беришүүдө. Анын айтымында, шайлоодо бийлик өз партиясын күчкө салып өткөрө турган болсо чатак чыгып кетиши ыктымал:

- Эми, бул шайлоо адилет өтөбү же жокпу деген суроо турат? Элдин эркине, маанайына жараша шайлоо өтсө, тынч эле өтүшү мүмкүн. Бирок, эгер бурмалоолор, мыйзамды бузу жолу менен барышса, анда непадам чатак чыгып кетиши да ажеп эмес.

Парламентаризмди өркүндөтүү институтунун директору Жон Девидсондун ырасташынча, Кыргызстан биринчи жолу партиялык тизме боюнча шайлоого бараткан соң, эл аралык тажрыйбаларды терең өздөштүрүүсү абзел. “Негизи парламентте адистешкен мыйзам чыгаруучулар отуруп, алардын алдында дасыккан адистер, юристтер иштеши шарт”,- дейт ал:

- Парламенттик комитеттер мыйзам чыгаруу жаатында чоң абройго ээ. Алардын төрагалары таанымал адистерден туруп, алдында көптөгөн эксперттер иштейт.

Талкууда анык болгондой, ар бир депутаттын алдында батыштын өнүккөн өлкөлөрүндөгүдөй көп сандагы адистерди иштетүү үчүн көптөгөн каражат талап кылынгандыктан, мыйзамды чаккан мыкты адистер парламентте көп болсо максатка ылайык.
XS
SM
MD
LG