Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:53

Бишкекте бүгүн партиялык парламенттин орду жана маанисин чечмелеген талкуу өткөн турат. Бул талкууга Кыргызстандын политолог ассоциациясынын өкүлдөрү да катышмакчы. Ошол талкууда козголуучу маселелер жана жалпы эле өлкөдөгү саясий абал боюнча аталган уюмдун мүчөсү, саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Азаттыкка” маек куруп берген.

- Кыргызстан алгач ирет партиялык тизме менен парламенттик шайлоого бара жатат. Сиздин оюңузча партиялык парламент кандай болуш керек?

- Бул партиялык парламент чынын айтканда кыргыз саясат чөлкөмүндө алдыга жылыш деп эсептесек болот. Анткени мурунку бир мандаттуу парламентке шайлоо чынын айтканда Кыргызстандын көрүнүктүү саясий базарларынын бири болуп калган. Ошондуктан президенттин өзүнө жоопкерчиликти ыкчам алып, референдумду өткөрүп, анан партиялык тизме менен шайлоого өтүш кыргыз мамлекетине чынын айтканда жаңылык алып келет дагы, жердешчилик, региондук тирешүүдөн баш тартуу деген багыт жатат. Бирок , ошондой болобу же болбойбу аны учур көрсөтөт.

- Биздин элдин, жарандардын ошол партияларды тандоодогу саясий маданияты тууралуу эмне айта аласыз?

- Тандоо маданияты кыргыздыкы илгертен бери келе жатат. Кыргыз эли саяпкер эл болот. Ошондуктан бул кыргыз эли мыктыларга көз салып, мыктыларын сынап, ошолорго жол ачып берчү. Соодагерлер, кызыл кулак, тууганчыл адамдар келгенде кыргыз мамлекети урап кеткен. Ошондуктан эл бүгүн адилетти орнотом, ичкен, жеген, соргон, талкалаган адамдарды жоопко чакырам деген сөздү айтып ишендире алса, программасын окубай туруп, ага добуш берээрине мен ишенем. Анткени, кыргыз эли илгертен бери адалчылыкка жакын эл болгон. Бирок, азгырыкка да бат көнүп кеткен эл болгон. Ошондуктан бүгүнкү күндө бул парламентке кыргыз элинин мүдөөсүн аткаруучу адамдарды алып келиш керек. Саясий чайкоочулар элди алдап өзүнүн доорун сүрүп келгенин он алты жылдан бери көрүп келе жатабыз.

- Токтогул мырза, шайлоонун калыс өтөөрүнө эмитен эле күмөн саноолор айтыла баштады. Шайлоонун калыс өтөөрүнө ишенсек болобу?

- Президенттин айтуусу боюнча ишенсек болот. Бирок президент жалгыз баш адам. Анын алдында миңдеген атка минерлер жүгүрүп жүрөт. Алардын да миңдеген кызыкчылыгы бар. Ошентип президенттин ишеними жана элдин ишеними чайкоочулардын колуна түшүп калабы деген ой мени да тынчсыздандырып турат.

- Ошол эле учурда айрым байкоочулар шайлоо таза өтпөсө, өлкөдө коомдук саясий абал курчуп кетиши мүмкүндүгүн болжоп жатышат. Ушундай кырдаал түзүлүшү мүмкүнбү шайлоодон кийин?

- Шайлоодон кийин 5 % тен өйдө өткөн партиялар кандайдыр бир региондон өтпөй калса, алар арызданышы, тирешүүсү, эрегишүүсү мүмкүн. Ошондуктан бүгүнкү күндө 0,5 % деген түшүнүк чайкоочулукка жана жаңжалга алып келчү көрүнүштөрдүн бири. Андай процентти коюш бул карама-каршылыкка келип жатат Конституцияга. Шайлоо кодексине андайларды киргизбеш керек эле. Ушул себеп кийинки чатактын булагы болуп берүүгө жол ачылып жатат.
XS
SM
MD
LG