Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

ГРУЗИЯДА ӨЗГӨЧӨ АБАЛ ЖОЮЛДУ


Грузияда бүгүн Бишкекте убактысы боюнча кечки саат тогузда да өзгөчө абал токтотулду. 7-ноябрь күнү Тбилисиде чогулган элди полиция көздөн жаш агызуучу газ, резина ок колдонуп кууп тараткандан кийин чукул абал жарыяланып, көчө жыйындары, митинг-демонстрацияларга тыюу салынып, эркин маалымат каражаттарынын иши токтотулган. Ал окуялардан жүздөгөн киши жараат алып, бейтапканаларга жеткирилген.

Өзгөчө абалды токтотуу тууралуу токтомду бейшембиде Грузиянын парламенти кабыл алган. Андай абал киргизилген 8-ноябрдан бери АКШ, Евробиримдик, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму Тбилисини өзгөчө кырдаалды токтотууга үндөп келатышкан. Михаил Саакашвили оппозициянын талаптарына моюн сунуп, 5-январга мөөнөтсүз президенттик шайлоо белгилеген. Грузиялык саясатчылар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү өзгөчө абал киргизилген шартта шайлоо кампаниясын толук кандуу жүргүзүү мүмкүн эмес деп белгилешкен эле.

Алар айрыкча өзгөчө абалга шылтоолоп, эркин маалымат каражаттарынын иши токтотулганына терең нааразы болушкан. Евробиримдиктин Түштүк Кавказдагы атайын өкүлү Питер Семнеби “Азаттыкка” берген интервьюсунда ушул жагдайга басым жасады.


- Биз эң башынан эле өзгөчө абал киргизилгенден тарта ага каршы экенибизди айтып келаттык. Евробиримдик Грузия менен болгон мамилелерин эске алып, шайлоо алдында эркин телерадиокампаниялар, бардык маалымат каражаттары, акыйкатчы институту өңдүү коомго кызмат кылган мекемелер кайра мурдагыдай иштей башташына өз салымын кошот деп айта алам.

Грузиядагы алдыңкы оппозициячыл “Имеди” телекомпаниясын атайын кызматтар өткөн аптада тинтип, аппарат-техниканын далайы талкаланып, бир топ жабдыгы камакка алынган. Телеканалдын бир катар жетекчилери мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине катышкан деп айыпталып, ушул күндөрү сурак берип жүрүшөт. “Имединин” башкаруучулары телеканалды кайра калыбына келтириш үчүн абдан көп каражат, бир нече ай кетээрин эскертүүдө. Өткөн аптада “Имедиден” башка да көз карандысыз маалымат каражаттары коопсуздук кызматтарынын рейддеринен жабыр тарткан, андыктан шайлоо кампаниясы маалымат майданында калыс чагылдырылат деп айтуу азырынча кыйын, абал ушул бойдон кала берсе оппозициячылар президенттик шайлоого бойкот жарыялайбыз деген билдирүү таратышты.

Ал тапта Грузия өкмөтү өз алдынча бөлүнүп алган Абхазияга соңку күндөрү Орусия кошумча аскерлер менен согуштук техника киргизди деп жарыялады. Грузия парламентинин коопсуздук жана коргонуу комитет башчысы Гиви Таргамадзе Москва Абхазиянын көз карандысыздыгын таанууга камданып жатканын билдирди.

- Эгерде Абхазиянын эгемендиги таанылса, Грузиянын аскердик кийлигишүүдөн башка айласы калбайт. Абхазиянын көз карандысыздыгын жарыялоо – Орусия Грузияга согуш жарыялады дегенге барабар, - деп белгиледи Тбилисилик депутат.

Москва бул маалыматтарды провокация катары четке кагып, Грузиянын жетекчилери элдин көңүлүн өткөн аптадагы коогалуу окуялардан алаксытыш үчүн тышкы душман таап, Орусияны жаманаттылоодо деп комментарийледи.

Жума күнү Тбилисиде өлкөнүн мурдагы коргоо министри, президент Саакашвилинин дарегине олуттуу айыптоо сөздөрүн айтып, ушу тапта чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Ираклий Окруашвилинин үстүнөн сот иши башталды. Ага паракордук, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген кинелер тагылган. Оппозициячыл кыймылдар Окруашвили саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептешет. Грузиядагы соңку жагдай ушундай, 5-январдагы президенттик шайлоого чейин акыбал биротоло тынчыбайт өңдүү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG