Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:14

Ишембиде (17-ноябрда) Бакуда түрк тилдүү элдердин 11-курултайы башталат. Эки күнгө созула турган курултай учурунда тектеш түрк тилдүү калктардын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маселелери талкууга алынуусу күтүлөт.

1993-жылдан бери жыл сайын Түркияда өткөрүлүп келген “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жана жамааттардын достук, бир туугандык жана кызматташтык курултайынын” он биринчиси Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин каалоосу боюнча бул жолу Бакуда өткөрүлмөй болду.

Чет элдерде жашаган азерилер менен байланыш боюнча Азербайжандын мамлекеттик комитетинин төрагасы Назым Ибрайымовдун басма сөз жыйынында маалымдашына ылайык, 17-19- ноябрь күндөрү Бакудагы Гулистан сарайында өткөрүлчү курултайга 30 өлкөдөн 550 чамасы конок чакырылган.

Курултайдын ачылыш салтанатына Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана Түндүк Кипр Түрк Жумуруятынын президенти Мехмет Али Талат катышышмакчы.

Назым Ибрайымов мырзанын берген маалыматы боюнча, Түрк тилдүү жумуруяттардын жана жамааттардын достук, бир туугандык жана кызматташтык курултайында түрк ааламы беттешип турган көйгөйлүү проблемалар, анын ичинде азери-армян жаңжалы, Түндүк Кипр Түрк Жумуруятына карата мамиле, Иракта жана Афганистанда жашаган түрк тилдүү калктар менен өз тарыхый мекендерине кайтып жаткан месхет түрктөрүнүн абалы мерчемдүү орунду ээлеп, түркий тектеш калктардын ортосундо илим, технология, маданият, эл-агартуу, экономика, соода, туризм жана каржылоо тармактарында кызматташтыктын абалы тууралуу пикир алмашуулар болмокчу.

Түрк тилдүү жумуруяттардын жана жамааттардын достук, бир туугандык жана кызматташтык корунун (TUDEV) төрaгaсы, түркиялык тарыхчы, мурдагы мамлекеттик министир профессор Абдулхалук Чай мырзанын айтымында, кезектеги курултайдын Бакуда өткөрүлмөй болушу чоң маанилүү окуя болуп эсептелет.

- “Бүгүнгө чейин 10 курултайдын баары Түркияда уюштурулду. Курултайдын эми Бакуда өткөрүлүп жатышы менин пикиримде Түрк дүйнөсү үчүн бурулуш учур болуп эсептелет”, - деген Абдулхалук Чай. - “Буюрса эми Азербайжандын артын тиги түркий жумуруяттар улап, Исмаил Гаспыраллы алдыга коюп кеткен, “тилде, пикирде, иште бирдиктүүлүк” деген бийик максаттын ишке ашуусундагы чоң кадамдардын бири болуп калат”.

Анын билдиришине ылайык, Орто Азия жумурияттары, Азербайжан жана Түркиядан сырткары курултайга Монголия, Алтай, Чувашия, Башкыртстан, Дагыстан, Гагауз, Хакасия, Балкар, Кырым, Саха, Татарстан, Тува, Нахичеван, Карачай, Кумук, Ногой, Месхет Түрктөрү менен Румыния жана Болгария, Косово, Батыш Тракия, Европа, Америка, Идил-Урал, Сибирь, Жакынкы Чыгыш, Афганистан жана Австралияда жашаган түркий- тектеш калктардын өкүлдөрү чакырылган.

Түркиянын экс-президенттеринен ардагер саясатчы Сулейман Демирелдин баяндамасы менен жабыла турган курултайдын соңунда корутунду декларация кабыл алынып, “армиян геноциди” жөнүндөгү талаптанууларга каршы бир билдирүү жарыяланат.
XS
SM
MD
LG