Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Кошмо Штаттардын чабарманы Пакистан президенти менен жолукту


Мамлекеттик катчынын орун басары Жон Негропонте Пакистан президенти Первез Мушарафтан өлкөдө эки апта мурун киргизилген өзгөчө абалды жоюуну, саясий жүйөөдөн улам камалгандарды бошотууну, шайлоону ачык жана адилет өткөрүүнү талап кылары күтүлүп жаткан. Ал эми оппозиция лидери Беназир Бхутто менен кечээги телефон сүйлөшүүсүндө байистүү күчтөр өлкөнүн демократиянын нугуна кайтаруу үчүн бирге иштөөсү керектигин белгилеген эле. АКШ Пакистанды "ал-Каидага" жана Талибанга каршы күрөштөгү өтө зарыл өнөктөш катары карайт, бирок Пакистан президенти өзгөзө абалды жоюудан баш тартканына нааразы экенин ишара кылууда. Мушараф шайлоону 9-январга чейин өткөрүүнү убада кылып, бирок өнөктүк өзгөчө абалдын шартында болорун каңкуулаган эле. Беназир Бхутто жана оппозициянын башка өкүлдөрү муну жасалма шайлоо деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG