Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Улуттар уюмунун окумуштуулар комиссиясы климаттын өзгөрүшүнүн орду толгус кесепеттери бар экенин кайрадан эскертти


Бул тууралуу дүйнө окумуштууларынын Улуттар уюму алдындагы өкмөттөр аралык комиссиясынын жаңы отчетунда айтылат. Адистердин ишениминде, глобалдык жылуулук - адам ишмердигинин натыйжасы жана анын кесепеттерин алдын алууга али убакыт бар. Азыркы документ Испаниянын Валенсия шаарында бүгүн аяктаган эл аралык конференциянын соңунда кабыл алынды. Эми бул документ дүйнө өлкөлөрүнүн жаратылышты коргоо министрлеринин декабрда Индонезияда белгиленген жыйынына сунуш кылынат. Ал жыйында глобалдык жылуулукка каршы күрөшүү үчүн буга чейин кабыл алынган Киото протоколун алмаштыруучу документти даярдоо башталары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG