Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Косоводо парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө


Сербиянын Улуттар уюму тарабынан башкарылган бул провинциясындагы азыркы шайлоо анын болочок статусу боюнча буга чейин жыйынтык бербей келген сүйлөшүүлөр 10-декабрда аяктаар алдына туш келүүдө. Шайлоого 26 саясий партия жана кыймыл катышууда. Сурамжылоо оппозициядагы Демократиялык партия алдыда экенин көргөзгөн. Анын лидери, козголоңчулардын мурдагы колбашчыларынын бири Хашим Тачи бүгүнкү добуш берүүдөн соң Косово көз карандысыздыгын 10-декабрда жарыяларын билдирген. Провинция калкынын 6%ын түзгөн сербдер добуш берүүнү бойкоттоп жатышат. Косоволук албандар провинциянын көз карандысыздыгын талап кылып келүүдө, ал Сербия буга карманча каршы. 1999-жылы НАТО Косоводогу кан төгүүнү токтотуу үчүн Сербияга каршы аскерий операция жүргүзгөндөн бери бул жерде шайлоо үчүнчү ирээт өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG