Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

ТҮРК ТИЛДҮҮ ЭЛДЕРДИН КУРУЛТАЙЫ БАКУДА ӨТҮҮДӨ


Азербайджан башкалаасы Бакуда түрк тилдүү өлкөлөрдүн курултайы башталды. Жыйын дүйшөмбү күнгө чейин созулат. Отуздай өлкөдөн 500дөн ашуун делегат чакырылган курултай быйыл биринчи ирээт Түркиядан тышкары жакта өтүүдө. Жыйында, маалыматтарга караганда, түрк тилдүү өлкөлөр менен жамааттардын экономика, маданий чөйрөдөгү кызматташтыгына кошумча Тоолуу-Карабах чатагы, Түндүк Кипрдин маселеси, Ирак менен Ооганстандагы түрк жамааттарынын абалы тууралуу да сөз болот.

1992 -жылдан бери түрк тилдүү өлкөлөр сегиз саммит өткөрдү. Ар бир өлкө кезектешип тоскон ал жогорку деңгээлдеги жыйындардын бири 1995-жылы Бишкекте болгон. Ал эми түрк тилдүү өлкөлөр менен жамааттардын достук, биртуугандык жана кызматташттык курултайы 1993-жылдан бери 10 ирээт болуп, анын баары Түркия аймагында өткөн эле. Азербайджан быйыл биринчи ирээт гана андай курултайдын конок ээси катары чыгып олтурат.

Бакудагы курултайга 30 өлкөдөн 550 делегат, анын ичинде Орусия, Болгария, Румыния, Монголия, Косоводогу түрк жамааттарынын өкүлдөрү чогулду. Түркиядан премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган, мурдагы президент Сулейман Демирел баштаган өкүлдөр келди. Ал эми Кыргызстандан билим, илим министрин милдетин аткаруучу Каныбек Осмоналиев баштаган делегация барды. Жекшембиде аяктоочу жыйындын соңунда биргелешкен декларация кабыл алынары күтүлүүдө.

Конок ээси - Азербайджан расмий өкүлдөрүнүн айтымында, курултайда экономикалык, маданий кызматташтыкка кошумча Тоолуу - Карабах чатагы өңдүү саясий маселер тууралуу да сөз болот. Эл аралык коомчулук тааныбаган Түндүк Кипр түрк республикасынын, Ирак менен Ооганстандагы түрк жамааттарынын абалы да курултайда талкууланары кабарланды.

Вава Гулузаде - саясий изилдөөлөр боюнча Бакудагы борбордун президенти. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде түрк тилдүү өлкөлөрдүн буга чейинки саммиттеринин күн тартибине кеңири жана амбициялуу маселелер коюлганы менен кабыл алынган макулдашуулар менен декларациялардын көбү кагаз жүзүндө гана калганын белгиледи. Башкача айтканда, сөз сүйлөө, жарыя жасоо жана аны коштогон кол чабуулардын деңгээлинен көтөрүлө алган эмес.

Анткен менен мурдагы дипломат жана саясат тануучу Вава Гулузаденин пикиринде, түрк тилдүү өлкөлөр мындай жыйынындарды Түркия менен тыгызыраак алака түзүү үчүн колдоно алат. Анкени, Түркия - түрк тилдүү өлкөлөрдүн ичинен чыныгы демократиялык жалгыз мамлекет:

- Азыр Түркия менен жакшы алака түзүүнүн мааниси чоң. Себеби Түркия мурдагы советтик республикаларга салыштырмалуу демократия, экономика, Батышка ыктоо жагынан кыйла алдыда. Түркия КМШнын түрк тилдүү өлкөлөрүнө таасир көрсөтүүгө жөндөмдүү. Мен азыркы жыйын мурдагылардан айрымаланат деп үмүттөнөм.

Вава Гулузаде ошондой эле Түркия Борбор Азиянын энергиясын эл аралык базарга Орусияга көз каранды болбостон чыгаруу үчүн альтернативдүү жол боло аларын кошумчалады. Азери президенти Ильхам Алиев да курултайдын ачылышындагы сөзүндө Азербайджан, Түркмөнстан, Казакстандын мунай-газ өндүршүн бириктирип алганда, дүйнөнүн энергетикалык базарына таасир тийгизе аларына токтолгон. Алиевдин баамында, Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру, Баку-Тбилиси-Эрзурум газ кууру - дүйнөлүк маанидеги долбоорлор жана дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды өзгөртө алды. Ал эми түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Бакудан түшкөн кабарларга караганда, курултайдагы сөзүндө түрк тилдүү өлкөлөрдүн туруктуу секретариатын түзүүнү сунуш кылып, парламент аралык союз уюштуруу жөнүндөгү буга чейинки демилгелерди колдоду.

1990-жылдары түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда шериктештик же биримдик түзүү демилгеси көтөрүлгөн эле. Бирок, мурдагы СССРдин түрк тилдүү жумуряттары Түркия Орусияны алмаштырып, экинчи "улуу ага" болушун каалабагандай. Бакулук саясат таануучу Вава Гулузаденин пикирнде, Түркия менен башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы тең укуктуу кызматташтык жана өнөктөштүк - ишке ашырууга боло турган идея.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG