Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

Акшыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш тарабынан орун алган “Кумтөр” алтын кени советтик геологдор тарабынан 1978-жылы ачылганы менен аны иштетүү 1997-жылдан башталган. Ушу тапта дүйнөдөгү эң ири кендердин бири эсептелген “Кумтөрдө” 2 миң ашуун жумушчу иштейт. Деңиз деңгээлинен 4 миң 400 метр бийиктикте жайгашкан алтын кен комбинаты 182 тоннадан ашуун алтын казып, андан аркыл төлөмдөр, салык эсебинен Кыргызстанга 750 миллион доллар акча түшкөн. Быйыл комбинат 9 тоннадан ашуун алтын казып алууну көздөөдө. “Кумтөр” алтын кен комбинатынын аялуу проблемасы экология, жардыруудан чыккан чаңдардан эриген мөңгүлөр, бузулган тоо, уулуу зат калдыктары сакталган жайдын абалы болууда.

4 миң 400 метр бийиктиктеги «Кумтөр» алтын кенине барууга уруксат кагазды эң оболу медицина кызматкерлери беришет. Өзгөчө режимдеги ишканага келген киши бийик тоо арасында дагы бир медициналык көзөмөлдөн өтүп, андан соң гана ишкана менен таанышууга мүмкүндүк алат. «Кумтөр» дүйнө боюнча бийик жерде жайгашкан ишканалардын экинчиси.

Адистердин айтуусунда, 2 миң ашуун тонна алтын өндүрүшүнөн 725 миллион тонна оор металл, кислота, эриткичтер сындуу зыяндуу зат калдыктары чыгат. Алардын баары фабриканын уулуу зат калдыктары сакталчу жасалма көлгө келип куюлат. «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык корпорациянын ортосунда мунаса келишим түзүлгөнү менен, экологиялык проблемалар дагыле калып жатканын, мындан ары ага өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын ал жерге иш сапары менен барган өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев атайын белгиледи.

- Экологиялык бардык проблемалар ойлонулган. Бир күнү бул долбоор, он жылдан кийинби, жыйырма жылдан кийинби, аягына чыгат, бирок да уулуу зат калдыктары калат. Азыр эң негизги маселе «Кумтөр» кени жабылгандан кийин экологиялык коркунучтун болбошун камсыз кылуу.

Антип кабатыр болушка биртоп эле негиздер бар. Алтын кендеги өндүрүштүк кырсыктарды, кен казылып алынган тоонун урап кетишинен сырткары деле 1998-жылдын 20-майындагы Барскоон капчыгайындагы экологиялык кырсык өңгөлөрдүн эсинен чыкса да барскоондуктар менен тосорлуктардын жадынан чыга элек.

2000-жылдын 20-январында жарым тонна нитрат аммонийи ошол эле Барскоон сайына төгүлгөн. Бирок да «Кыргызалтын» акционердик коомунун жетекчиси Алмазбек Жакыпов азырынча камтама болушка негиз жок деп эсептейт.

- Экология жагынан, техникалык коопсуздук жагынан бул долбоор эң жогорку дүйнөлүк стандарт боюнча иштейт. Ал жагынан биздин элибиз анчалык тынчсызданбаса болот. Бул жакта көзөмөл катуу. Экологиялык катастрофа болот деп эч ким айта албайт.

Алтын кен комбинатынан жылына канча зыяндуу суу уулуу зат калдыктары сакталчу жасалма көлгө келип куюларын күн сайын эки зоонун ортосунда туруп калган чөйчөктөй болгон Петров көлүнөн технологиялык керектөөлөргө деп сордурулуп алынган суунун өлчөмүнөн деле боолголосо болот. Экология жана эмгекти коргоо боюнча башкы менеджер Дүйшөн Касеновдун айтуусунда, бул көлдүн тосмодон ашып кетпешин камсыз кылат.

- Биз жылына 6,5 миллион кубометр суу алабыз. Тигинде суу деңгээлин көрсөтчү белги турат, азырынча суунун тайыздап кетиши байкала элек.

«Кумтөр» алтын кенинин коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин мөңгүлөр бул жерде өндүрүш баштала электе глобалдык жылуулуктун айынан катуу эрий баштаганын айтып, фабрикадан жаратылышка зыян келтирилбей жатканын баяндады.

- Мөңгүлөрдүн катуу эришине өндүрүш себеп болду деп айтыш кыйын. Билесиздер го, Арал деңизин сакташ үчүн Советтер Союзу кезинде советтик жетекчилер мөңгүлөргө көмүрдүн күкүмүн сээп, алардын тезинен эришин камсыз кылуу аракетин ойлонушкан.

Жыл сайын сордурулуп алган оңор эмес суунун көбү өндүрүштүк максатка пайдаланылып, андан соң жасалма көлгө келип куюлат. Ал жерден тундурулуп, химиялык жол менен тазалангандан кийин суунун кыйласы «Кумтөр» суусуна кошулуп, айтылуу Нарын дарыясына кетет. Кыргызстандагы эң ири дарыянын бир куймасы ошентип химиялык жол менен тазаланган суудан куралат. Аны комбинаттын башкы инженери Болот Идрисов да ырастады.

- Бул Кумтөр барып Арабел деген сууга кошулат. Андан ары Арабел деп аталат. Андан барып Тарагай деген суу менен кошулуп, Карасуу менен кошулуп, Кичинарын, андан ары Нарын болуп кетет.

Комбинат жетекчилиги алтын кен казуудан жаратылыш анчалык жабыркабаганын, жардыруу иштери түшкө жуук өтөрүн, андан көтөрүлгөн чаңсыз деле глобалдык жылуулуктун айынан мөңгүлөр катуу эрип жатканын айтышат. Бирок да кертим-кертим зоолорду каптаган кара түтүн, ботала-шатала болуп уулуу зат калдыктары сакталчу жасалма көлгө бир чоң сай суусу агып келип жатканын көргөндөн кийин бу кымбатбаа алтын Кыргызстандын жабыркаган табиятын жабыркаткандан башка да ишке жарай алабы, жаратылыш тартып жаткан зыяндын ордун толтура алар бекен, деген бүдөмүк суроо туулбай койбойт.
XS
SM
MD
LG