Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

КЫРГЫЗСТАНДА САЯСИЙ КУУГУНТУК СИСТЕМАГА АЙЛАНЫП БАРАТАБЫ?


Кыргызстанда саясий куугунтук барбы-жокпу? Бул парламенттик шайлоого кызуу камылга жүргөн соңку күндөрү жарандык коом көтөргөн орчундуу маселелердин бири болду. Маселенин көтөрүлүшүнө нааразылык акция катышуучуларынын сот жообуна тартылышы, бир катар мамлекеттик кызматкерлердин кызматтан чукул кетиши өңдүү жагдайлар түрткү болду.

Азыркы бийлик адам укуктарын коркунучка кириптер кылып, саясий куугунтуктарды күчөтүп жатат деген укук коргоочулар өтүп бараткан аптада коомчулуктун көңүлүн ар кыл аракеттер аркылуу өзүнө бурууга далалат кылышты. Буга «Диктатурага жок де» акциясынын алты катышуучусунун сот жообуна тартылышы түрткү берди. Бул Кыргызстанда жолуккан алгачкы окуя эмес. Акыркы эки жылда катталган ар кыл өңүттөгү териштирүүлөр мыйзамдардын сакталышы үчүн эмес, бийлик үстөмдүгун көрсөтүү максатындагы аракеттер, саясий оюндардын туундусу катары сыпатталууда.

Жарандык лидерлердин эсебинде жаздан бери нааразылык акцияларына байланыштуу айыпталган 23 жаран камактарда отурушат же сурактарда жүрүшөт. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдирасулова муну саясий куугунтуктардын айкын далили катары белгилөөдө:

- Бул деген реалдуу саясий куугунтук. Себеби жарандар кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик башкарууга катышууну каалашкан.

Мындай пикирин Абдурасулова апта этегинде өткөн Аялдардын саясий клубунун талкуусунда билдирди. Укук коргоочулар жөнөкөй жарандан тартып бийликке каяша кылгандарды, мыйзам бузууларга каршы күрөшкөндөрдү саясий куугунтукка алуу бийликтин кадырэсе иштеринин бири болуп калды дешет. Алардын ишениминде мындай дооматтын чындыгын саясаттын курмандыгына айланган карапайым эл өкүлдөрүн эске албаганда да, Адилет Айтикеев, Бермет Акаева, Нуржамал Байболова, БШКнын бөлүм башчысы Галия Алымбекова өңдүү саясатка кыйыр жана тикелей тиешеси бар адамдардын кызматтан кетирилип, кылмыш иши козголуп жатышы далилдеп турат. Мындай жагдайдын түзүлүшүн тартип коргоо органдарынын, соттордун, атайын кызматтардын мыйзам менен иштебей, мамлекеттик ишмерлердин тапшырмаларына күнкор болгондугунан көрүшөт:

- Эгер Кыргызстандагы азыркы система, тартип коргоо, сот органдары уурдагандарга, өлтүргөндөргө, талап-тоноочулук менен жашагандарга мыйзам чегинде бирдей мамиле жасаса коомчулук макул болмок. Биз баарыбыз мыйзам алдында теңбиз. Биз мыйзам алдында жашашыбыз керек.

Ушундай оюн билдирген «Адилет» уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова азыркы бийлик үчүн мыйзам акаарат келтиргендер үчүн гана иштерин бөркүндөй көргөндөрдүн бири.

Азыркы бийликке жан тарткан саясатчылар тескерисинче, өзүн оппозициянын катарында санап, иш жүзүндө жеке керт башы үчүн саясий чайкоочулук кылып жүргөндөр бийликти жаманатты кылып, аша чаап жатканын айтып жүрүшөт. Алардын бири, мурдагы бийлик тушунда куугунтукка кабылган Топчубек Тургуналиев:

- Кээде аша чаап кетип деле жатабыз. Демек, бул жагынан азыркы бийликти, анан Бакиевди күнөөлөө болбойт. Кыскасын айтканда, биз түп-тамырынан мамлекеттик башкаруу системасын, конституциялык түзүлүштү оңдошубуз керек. Конституция кагаздагы нерсе. Анын көп нерсеси ишке ашпай жатат. Ошондуктан, бир-эки жылда коомубуздун белгилүү жактары, өзгөчө жетекчилер, саясий майдандагы түркүн-түркүн күчтөрдүн көбү өтө бузулган. Акаевдин заманында бузулган деп айтууга да болбойт. Акаевдин заманында мамлекеттик куугунтукту ал мамлекеттик саясатка айландырды.

Кыйла талдоочулардын баамында, он алты жылга жакын башкарган Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда саясий куугунтук адегенде жеке адамдарга жасалып, кийинчерээк ал системага айланып кеткен. Муну Людмила Жолмухамедова, Топчубек Тургуналиев, Замира Сыдыкова, Феликс Кулов, Азимбек Бекназаров баштаган журналисттерден, саясатчылардан тартып аксылыктарга чейин өз башынан кечиришти. Бирок, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азимбек Бекназаровдун көз карашында учурдагы маселенин талылуу жери Курманбек Бакиев баштаган азыркы бийликтин бул системаны «сындырууга» кудуретсиз болуп жаткандыгы:

- Биз 2001-жылы «Акаевге отставка, эл үчүн реформа» деген кыймылды түзгөндө ушинткенбиз. Акаевди кетирсек эле бизде жакшынакай заман болот деп. Ордуна Бакиевди алып келдик. Мына жети баштуу «желмогузду» алып келбедикпи, бир баштын ордуна.

Азимбек Бекназаров 24-марттан кийин келген азыркы бийлик үй-бүлөлүк башкарууга көз каранды бул системаны жок кылууга кудуреттүү деп ойлобойт. Конституцияны баш кылып, бардык аракеттерди өз кызыкчылыгына буруп жаткан азыркы бийликтин учурунда саясий куугунтук, тургуналиевдердин, бекназаровдордун, куловдордун тагдыры кайталана береринен шеги жок. Кайрадан ыңкылап жолу же Ататүрк сыяктуу үй-бүлөлүк кызыкчылыктан бийик турган улуттук лидер гана Кыргызстанды мыйзам жолуна сала алат дейт саясатчы.

Азыркы бийлик саясий куугунтукка барып жатат деген доомат Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек башкармалыгынын башчысы Ойталбек Осмоновду ынандыра алган жок:

- Акаевдин учурун эстеп көрөлү, Феликс Шаршенбаевичти, Топчубек Тургуналиевди, Замира Сыдыкованы эл аралык комиссия расмий түрдө абийир туткуну катары тааныган. Бүгүн карасак, март ыңкылабынан кийин мен мындай адамдарды көргөн жерим жок. Себеби, муну эл аралык нормалар боюнча сот жана сот органдары аныктайт.

Кээ бир укук коргоочулар саясий чайкоочулук жасап эле ашкере доомат артып жатат деген коопсуздук кызматкери офицердик абийири тигил же бул мамлекеттик чоң кызматкердин кызыкчылыгынан жогору турарына ишенет. Кандайдыр бир деңгээлде мунун чындыгы барын белгилүү адвокат Любовь Иванова аялдардын саясий клубунда негиздөөгө аракет кылды:

- Кызматкерлер саясий куугунтук жүргүзүп жатат деген бери дегенде олуттуу эмес, ары дегенде кеңкелестикке тете. Мен аларды түшүнөм, алар өз милдеттерин ак ниет аткарышы керек. Айтууга жөнсүз болгон башка маселе, аларга жогору жактан кандай тапшырма келет, муну алар эч качан айтышпайт.

Бирок, Феликс Куловдун иши баштаган бир катар чуулгандуу иштерде жактоочу болуп жүргөн адвокат саясий куугунтук бар экендигин өзүнүн ишине байланыштуу билет. Саясий куугунтук бар экендигин ал Оштогу укук коргоочу «Справедливость» уюмунун жетекчилигине каршы аракеттер менен байланыштырды:

- Бүгүн бул проблема бар жана аны менен коомчулук маани берип, кандайдыр бир жол аркылуу күрөшүүсү зарыл.

Аялдардын саясий клубунун иликтөөсүнө караганда,
саясий куугунтук дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдө ар кыл деңгээлде жашап келатат. Кыргызстанда да саясий куугунтуктун ар кыл түрлөрү бар. Алардын катарында кызматтан бошотуу, кылмыш ишин козгоо, жаманаттылоо, коркутуп, үркүтүү, сабоо, тууган-туушкандарын кысмакка алуу сыяктуу ыкмалар жана түрлөрү жашап келатат. Кыргызстан саясий куугунтуктун буюртма жол менен киши өлтүрүү ыкмасынан да куру эмес. Мындай тамырлап кеткен кооптуу көрүнүштү жоюунун бир жолун талдоочулар «Саясий куугунтукка каршы күрөш жөнүндө» мыйзам кабыл алуудан көрүп жатышат.


Бурул Сарыгулова, Бишкек

XS
SM
MD
LG