Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Косоводогу парламенттик шайлоодо Хашим Тачинин Демократиялык партиясы утуп чыкты


Ишембидеги шайлоодо 90 пайыз шайлоо участкаларындагы добуштар саналгандан кийин этникалык албан козголоңчуларынын мурдагы лидеринин партиясы 34 пайыз добуш менен алдыга чыкканы белгилүү болду. Экинчи орунга болсо 22 пайыз добуш менен Косовонун Демократиялык Лигасы чыкты. Буга чейин Хашим Тачи премьер-министр болсо 10-декабрдан кийин аймактын Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаарын убада кылган. Косоволук албандар провинциянын көз карандысыздыгын талап кылып келүүдө, ал эми Сербия буга каршы. 1999-жылы НАТО Косоводогу кан төгүүнү токтотуу үчүн Сербияга каршы аскерий операция жүргүзгөндөн бери бул жерде шайлоо ушуну менен үчүнчү ирээт өтүп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG