Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

УКРАИНАДА ШАХТАДАГЫ ЖАРЫЛУУДАН ОНДОГОН КЕНЧИ ШЕЙИТ КЕТТИ


Соңку маалыматтар боюнча, жекшембиге караган түнү Украинадагы көмүр кенинде болгон жарылуудан 63 шахтер каза тапты. Куткаруучулар дагы 37 кенчи дайынсыз экенин, аларды тирүү табуу үмүтү убакыт өткөн сайын азайып баратканын билдиришти.

Украинанын Донецк облусундагы Засядько көмүр кенинде жекшембиде таңкы саат 3төн өткөндө жарылуу болгондо, жер астында 1000 метрден ашуун тереңдиктеги шахтада 450дөн ашык киши иштеп аткан экен. Метан газынын жарылуусунан шахтадагы аба үйлөтүүчү система талкаланып, өрт башталып, куткаруучулардын ишин ого бетер оорлотту. Ушул жагдайга кырсык болгон жерге барган Украинанын премьер-министри Виктор Янукович да көңүл бура кетти.

- 14-конвейердик бөлүктү өрт, түтүн каптап кетиптир. Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат. Өрттү токтотуу кыйын болууда, - деп билдирди украин премьери.

Жер астынан аман чыгарылган 27 шахтер газга ууланып ооруканага жеткирилгенин бийликтегилер кабарлашты. Шахтерлордун туугандары кенге кире бериш жерге топтолуп, жер астындагы жакындары тууралуу кабар күтүп жекшембиде кечке чейин сагаалап турушту. Түштөн кийин жарылуудан каза болгон кенчилердин саны 63кө жеткени кабарланды, бул кабарга удаа Донецк облусунда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды. Украин өкмөтү шахтадагы кырсыктан каза тапкан ар бир кенчинин үй бүлөсүнө 100 миң гривен, же 25 миң доллардай жөлөкпул төлөнөөрүн маалымдады.

Украина – соңку жылдары көмүр шахталарындагы кырсыктар улам кайталанып турган өлкөгө айланды. Шахтерлордун айлыгы алар казып алган көмүрдүн көлөмүнө жараша өлчөнгөндүктөн, кенчилер көбүнэсе коопсуздук чараларына көз жуумп коюп, болушунча көбүрөөк көмүр өндүрүүгө жанталашат. Ушул эле Засядько шахтасында былтыр сентябрь айында газга ууланып, 13 кенчи шейит кеткен. 2002-жылы болгон жарылуудан Донецкилик дагы 20 шахтер, андан 2 жыл мурда Лугансктагы кырсыктан 80 кенчи мерт болгон.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG