Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:13

Донецкидеги көмүр кениндеги жарылуудан 63 кенчи мерт болду


Украинанын чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, дагы 37 кенчинин тагдыры белгисиз. Мындан сырткары андан ар кандай жаракат алган 27 адам ооруканага жаткырылган. Жекшембиге караган түнү Донецк шаарындагы Засьядко кенинде жарылуу болгон. Бул кайгылуу окуядан улам аталган аймакта үч күнгө аза күтүү жарыяланды. Бүгүн окуя болгон жерге президент Виктор Ющенконун барышы күтүлүүдө. Жарылуунун себептери иликтенүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG