Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Борбордук шайлоо комиссиясынын сонку отурумунда парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттердеги элчиликтерде жана консулдуктарда 30 шайлоо участогун түзүү жана саясий партия, бейөкмөт уюм, диаспоралардын өкүлдөрүн сырттагы шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө сунуштоо боюнча токтом кабыл алды. Айрым саясий партиялардын өкүлдөрү БШКдан жарым пайыздык чек тууралуу, партиялардын мүчөлөрүнүн жана шайлоочулардын тизмеси боюнча маалыматтарды ала алышпаганын айтышууда. Ал эми БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев арыз, кайрылуулар боюнча өздөрү да маалымат алышпаганына байланыштуу төрагага ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени БШКнын отурумуна алып чыгышарын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу бөлүм башчысынын орун басары Өмүрбек Сарбагышев алдыдагы парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттердеги элчилик жана консулдуктарда 30 шайлоо участогу техникалык жактан камсыз болгонун билдирди Анын айтымында, Орусияда Москвадан бөлөк Санкт-Петербург, Казан, Самара шаарларында шайлоо участоктору түзүлө тургандыгын, Иркутск, Омск, Челябинскиде, Казакстандын Чимкент, Тараз шаарларында шайлоо комиссияларын түзүүгө мүмкүнчүлүк берилерин белгиледи.

«Замандаш» ассоциациясынын төрагасы Жума Абдулла Орусия жана Казакстандагы 400 миңден ашуун эмгек мигранттарын шайлоого жигердүү катыштыруу максатында кыргыз атуулдары көп иштешкен базарларда шайлоо участогун түзүү сунушу менен Тышкы иштер министрлигине кайрылганын «Азаттыкка» билдирди.

Парламенттик шайлоого карата даярдыктар менен Орусияда жеринде таанышып келген Жылдыз Жолдошева болсо ал жердеги базарларда шайлоо участокторун түзүүгө мүмкүн эмес экендигин айтты.

-Орусияда мыйзам аябагандай катуу экен. Эгерде эмгек мигранттарынын документтери туура эмес болуп калса, ошол базардын ээсине 800 миң рублге чейин айып пул салынат экен. Ошондуктан базардын кожоюндары ал жерде шайлоо участокторун түзүүгө макулдук бербей жатышат. Бирок биз башка жолун таптык. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык да уруксат берилет, мисалы элчиликте түзүлгөн шайлоо участоктору эмгек мигранттары жыш жайгашкан жерлерге барып көчмө комиссия менен добуш бердирүүгө болот.

Жолдошева сыртта жүргөн кыргызстандыктардын жашоо шарттары абдан оор экендигин, алардын тизмесин так алууга мүмкүндүк болбостугун баса белгиледи.

«Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев болсо Орусиядагы жана Казакстандагы эмгек мигранттарынын тизмеси тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинен, БШКдан ала албай жатканын 15-ноябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирген.

-Бизге маалымат түшүп атат. Кээ бир партиялар эмгек мигранттары тууралуу маалыматты так билип Орусияда иштей баштаптыр. Кимдер?- деп сурасам «Ак жол» деди. Мен айтып атам, силер жашыруун бергенсиңер, деп. Эмне үчүн силер бирөөлөргө тымызын маалымат берип, башка партияларга бербей, биз билбей калышыбыз керек, деп айттым.

БШКнын 18-ноябрдагы отурумунан өз каалоосу менен чыгып кеткен БШКнын мүчөсү Акылбек Сариев төрагага ишеним көрсөтпөө маселесин жакында БШКнын отурумуна алып чыга тургандыгын билдирип, анын себебин мындайча чечмеледи.

-БШКга келип түшкөн арыз, кайрылуулар менен алигиче таанышып, маалымат ала албайбыз. Мыйзам боюнча келип түшкөн арыз болобу, кайрылуу болобу БШКнын төрагасы мүчөлөргө тааныштырууга милдеттүү. Мына канча күн болду шайлоого карата иштин башталганына. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бир дагы маселе менен тааныштыра элек. Биз кызматтык кат менен да кайрылып көрдүк, арыз, кайрылуулар менен тааныштырып чыксын деп. Бирок тилекке каршы төрага өз милдетин аткарбай жатат. Ошого байланыштуу жакын арада БШКнын төрагасынын өз милдетин аткарбай жатканы тууралуу БШКнын отурумуна алып чыгууга толук укугубуз бар деп эсептейм,-деди Акылбек Сариев.

Борбордук шайлоо комиссиясы республика аймагынан сырт жактагы шайлоо комиссияларын Бишкектин кайсы районуна киргизүү жана жарым пайыздык чек боюнча маселени бүгүн талкуулашы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG