Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

ОРУСИЯНЫН МАМДУМАСЫ ШАЙЛАНЫП АТКАНДА ЕККУдан БАЙКООЧУЛАР БОЛБОЙТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы ЕККУ 2-декабрда өткөнү жаткан Мамлекеттик Думаны шайлоого өз байкоочуларын жөнөтүүдөн баш тартты. ЕККУнун баш кенсесинде таркатылган маалымат катта: «Эксперттер менен байкоочуларга канча ирет Орусия федерациясына баруу визасын алуу үчүн жасалган аракеттери ар бир жолу оңунан чыкпай, виза ала алышкан жок», деп айтылган. Москва быйылкы шайлоого ЕККУдан келүүчү кишинин эсеби 70 байкоочудан ашпасын деген талап койгон. Ал эми мурунку Мамдуманы шайлаганда Европалык коопсуздук жана кызматташтык уюмунан 450 байкоочу чакырылган экен.

Демейде эл аралык байкоочулар шайлоо өткөргөнү аткан мамлекетке шайлоонун камы желип атканда эле, бери дегенде алты, ары дегенде сегиз апта мурда барып, депутаттарды тандоо кандай жолдо баратат, калк арасындагы маанайга ал жарашабы жокпу байкоо жүргүзүшү турулуу иш экен.

Кийинки аптанын этегинде Орусияда өткөнү аткан Мамдуманы шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун алдындагы АУДИБ байкоочуларын чакыруу эмнегедир илең салаң уюштурулуптур.

ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун жетекчилеринин бири Урдур Гуннарс Доттир «Азаттыкка» берген маегинде айтканына караганда, Маскөөнүн ана-мына чакырык аласыңар деген тил эмизүүсү эки айга чукул созулган. Акыры чакыруу кагазын эки апта мурда алышкан. Ошого карабай мурдатан камданып турушкан европалык ар кыл өлкөлөрдөн тартылган эксперттердин жыйырмасын, бул айдын башында дагы 50сүн Маскөөгө аттантуу алдын ала дайындалган экен.

Ошол учурда орусиялык бийликтин өкүлдөрү АУДИБ байкоочулары узакка калышына Орусия танкыз эмес кулак какты таркатышкан.

Андан соң виза берүү создуктурула баштаган жана ушул күнгө дейре алар виза ала алышкан да эмес.
Эң акыры орусиялык БШК: «ЕККУдан байкоочулар чакырылат, бирок алардын иши биз белгилегендей жүрөт» деген маалымдоо таркаткан.

АУДИБ өкүлү Урдур Гуннарс Доттир орусиялык Мамдуманы шайлоого барбай калууларынын жөнүн мындайча чечмелеген:

«Анын себеби жөпжөнөкөй. Биздин ишке жолтоo болуп, аны кечиктирүү уланып атышы жана ар кандай шылтоолор менен ага чек коюу. Ал (чакыруу - ММ) келе электе эле ал башталган. Ошондон улам болду».

Орусиянын тышкы иштер министринин өкүлү Михаил Камынин журналисттер алдында: «Мындай чечим үчүн (ЕККУнун - ММ) биз кайгыга батпайбыз. Шайлоо өткөрүү - биздин эгемендик укугубуз, ал биздин өлкөдө демократияны чыңдоо үчүн багышталган», - деген.

Орусиянын cолчулдар күчтөрүнүн союзу партиясынын жетекчилеринин бири Борис Надеждин айтканга караганда европалык жааттын Орусияда өткөн шайлоого калыстык сөзүн айтпай калуу жаман жышан:

«Бул абдан жаман. Европалык жаатта Орусияда өткөн шайлоонун жыйынтыгынын дурус деп таанылышы же андай эмес делиши азыркы бийликке абдан керек болчу» - дейт.


Ал эми Кремлдик партия «Бирдиктүү Орусиядан» шайланган депутат Павел Воронин айтканга караганда:

«ЕККУ небак өзүн өзү жок кылган. Ал келди дегиче массалуу түрдө мыйзам бузуу бар экен, бейдемократия бар экен тигиндей-мындай деп башты оорутат» - дейт.

Анализчилер болсо айтылуу батыштык уюм менен Орусиянын алакасынын коломтосу сууй башташы туурасында каңкуулашат.

XS
SM
MD
LG