Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

ТҮРК ЭЛДЕРИ БИРИКПЕСЕ, ТАШЫ ТАЛКАН БОЛОТ


Мындай сөздү Түркиянын премьер-министри Режеп Т. Эрдоган ишемби күнү Баку калаасында түрк түлдүү элдер жана жамааттардын курултайынын ачылыш аземинде айткан. Түркияда чыгуучу Radikal гезитинин кечөөкү санында жазылышына ылайык Эрдоган, Тоолуу Карабак жана Кипр жаңжалы тууралуу абдан катуу эскертүү берген. 1 миллион азеринин өз өлкөсүндө качкын абалында жашоосуна себеп болгон Карабак жаңжалы бүт түрк ааламынын орток маселеси экенин баса көрсөтүп ал, “Армения универсалдык принциптерге, жакшынакай кошуналык мамилелерге жана эч кандай бир легалдуу таянакка төп келбеген беймыйзам оккупациясын дароо аякташы шарт” деген пикирин баяндаган.

Карабак маселеси тууралуу АКШ, Росия жана Франция чакырган үчилти саммитти “көз алагды кылуу тактикасын” колдонуп жатат деп айыптап, Эрдоган “бири-бирибиз менен ынтымакта жана тилектештикте болбосок, биз эмнеге кабылабыз? Биздин таш-талканыбызды чыгарышат” деген.

“Текке кеткен мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтуруштун убактысы келип жетти. Бир туугандык мамилелерибизди кайра калыбына алып келип, бул тарыхый мүмкүнчүлүктү чындыкка айландыралы” деп Реджеп Т. Эрдоган түрк дүйнөсүнө кайрылганын жазат ZAMAN гезити кечөө чыккан санында.

Эрдоган “Орток тарыхыбызды кайра жазып чыгалы. Түрк элдеринин ортосундагы ар кандай кызматташтык мамилелерге алда канча пландуу, уюмдашкан, мындайча айтканда, мекемелешкен бир статус берүүнүн убактысы келип жетти. Бул үчүн түрк тилдүү элдердин мамлекет башчыларынын саммитинин туруктуу секретариатын түзүш керек” деген сунушун билдирген.

Лондондун Financial Times гезитинде чыккан бир макалада, Казакстандын каржылоо тармагындагы проблемалар талдоого алынган. “Эл-аралык каржылоо курулуштарындагы чайпалуулар түрткү болгон накталай акча таңсыктыгы (liquidity crisis) банк жана курулуш тармактарында токтоп калууларга (recession) себеп болот деген түкшүмөлдөөлөрдүн тушунда Казакстандын өкүмөтү экономикалык өнүгүүнүн 2008- жылга прогнозун 5 пайызга кыскартты” деп жазган гезит, учурдагы кризис эл-аралык рейтинг курулуштары Standard & Poor менен Moody’s тин Казакстандын кредит рейтингин эң төмөнкү баллга түшүрүп жиберүүсүнөн кийин башталганына көңүл бурат.

Германиянын Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитинде “Гео-саясии шахмат оюну” деген баш сөз менен жазган макаласында саясии серепчи Лотар Рүүл (Lothar Rühl), “Европанын перифериясындагы гео-саясий кырдаалдын ооп кетиши жана кризис потенциалын таанууда орун алган кескин өзгөрүштөр мыйзам-ченемдүү түрдө Европанын коопсуздук стратегиясынын борбордук концепциясынын да алмашуусуна жана бул аркылуу Европанын Россияга, Түркия жана Борборазияга карата болгон талам-талашындагы концепциясынын да алмашуусуна өбөлгө түздү” деген пикир баяндаган.
XS
SM
MD
LG