Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

10:56 Балыкчы шайлоо округу боюнча шайлоодо жеңип чыккан Максат Абакиров камакка алынды


Кармоону Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы 17-ноябрда ишке ашырган. Маалыматка караганда,Абакировдун автоунаасынан курал-жарак табылып, анын негизинде ал камакка алынган. Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акундун маалыматы боюнча, Абакировдун автоунаасына курaл-жарак атайын ташталып коюлган деген кабар чыгууда. Бул өз кезегинде Абакировдун Балыкчы шайлоо округундагы тарапкерлерин нааразылык акциясына алып чыгышы ыктымал. «Мамлекет парламенттик шайлоонун алдында турганда, Балыкчыдан жаңжал чыгышы максатка ылайыктуубу? Абакировду башка учурда кармаса болбойт беле?»,-деп маселе коет Турсунбек Акун. Максат Абакиров быйылкы жылы октябрь айында Балыкчы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, анда эң көп добуш алып келген эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG