Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

12:44 Камбарата-2 ГЭСин куруу үчүн “Нарынгидроэнергокурулуш” 2.5 миллион долларга техника сатып алды


Бул тууралуу “Нарынгидроэнергокурулуштун” башчысы Альберт Абазбеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы жылга чейин техника топтолуп, жаңы жылдан кийин курулуш иштери башталат. Азыркы кезде 500 киши жумушка алынып, курулушка даярдык көрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Россияда Бурейск ГЭСин курууга катышып жаткан 50 кыргызстандык чакыруу менен келди. “Президенттин тапшыруусу менен бөлүнгөн 300 миллион сом жакын арада “Электр станциялар” акционердик коому аркылуу бизге келип түшөт”,- деп белгиледи Абазбеков.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG