Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

ЖЫПАР ЖЕКШЕЕВ: ТАЗА ШАЙЛОО БОЛОРУНА ИШЕНБЕЙМ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Шайлоого катышуу ниетин билдирген элүү саясий партиянын жыйырма экиси гана Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо тизмесин тапшырды. Калгандары катышпай турган болушту. Алардын бири КДК саясий партиясы. Анын себептерин сурап, КДКнын лидери Жыпар Жекшеевди “Азаттык” радиосу кепке тарткан.

- Демек, сиз жетектеген партия шайлоого катышпайт экен. Эмне үчүн ушундай деп чечтиңер?

- 12-ноябрда курултай өткөрөлү деп даярданып жаттык эле. Анан политсоветтин мүчөлөрүн чакырып туруп, кеңешип, болгон маалыматтарын кызуу талкууга алып, жыйынтыгында биз шайлоого катышпай турган болдук. Баш тартып жатабыз. Себеби, абдан көп партияларга жасалма түрдө бөгөт койгон көрүнүштөр бар. Мисалы, талапкерлер 90 дон кем болбосун, 100 дөн ашпасын деген норма дегеле бир дагы мамлекеттин практикасында, тажрыйбасында болгон эмес. Бул бир чети күлкүлүү дагы, бир чети трагедиялуу да көрүнүш. Эгер мисалы 90 талапкерди көрсөттүк деп коёлу. Эч качан артынан санаганда он, он беш же жыйырма адам, алар өзүлөрү деле билет эч качан депутаттык мандатка ээ болбостугун. Азыркы учурда жумушсуздук пайда болуп турганда биздин партияны жөн эле чыгарып коюш үчүн бир, эки, үч кишини оңой эле сатып алып койсо болот, силердики 90 дон кем болуп калыптыр деп. Эгерде 100 кишини көрсөтсөк 10-11 кишини чыгарып коюш оңой эле. Бул биринчиден. Экинчиден, административдик аймактык бөлүктөрдөн бизде тогузу бар да. Жети облус, эки шаар. Ошол жерден жалпы шайлоочулардын санынан 0,5 % кем болбосун дегени, бул дагы аябагандай чоң бөгөт болот. Себеби, айрым аймактарда мисалы, Баткенде, Таласта же Нарында болсо бардык шайлоочулар 100 % катышкан күндө дагы ар бир партияга ошончо добуш бере албайт. Алдын ала коюлган капкан болуп жатпайбы.

- Эмне себептен чек бийик коюлуп калды. Ар ким ар кандай чечмелеп жатат. Сиздин пикириңиз кандай 90-100 деген сандар боюнча?

- Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгон күндөн баштап тарыхыбызды барактап көрсөңөр, дайым административдик ресурстар кеңири пайдаланып келинген. Муну сөзсүз түрдө эле борбордон отуруп алып президент же премьер-министрдин командасы эмес, жөн эле кошомат кылып, бөрк ал десе баш алган жергиликтүү бийликтин жетекчилери жакшы көрүнүш үчүн бийликке кошомат кылып, бийликтин гана партиясын колдоп, өткөрүүнү милдет катары түшүнүшөт. Абдан чоң ыплас иштерге барып көнүп калышкан. Алардын 99 % бүгүн иштеп жатат ордунда.

- Шайлоо акыйкаттуу өтөөрүнө ишенбегендей көз карашты түшүнүп жатам сиздин пикириңизден улам.

- Туура. Мен айтып жатам. Мен бир чоң Американы ачып жаткан жерим жок. Чындыгында шайлоо бизде эч качан таза өткөн эмес. Бул жолу да таза өтөөрүнө көзүм жетпей турат.

- Жыпар мырза, Кыргызстанда жүздөн ашык партия бар. Шайлоого катышпай калгандарынын абалы, келечеги кандай болот?

- Шайлоого катышпай калгандан күндөн баштап эле партиялардын келечеги бүттү деп айтууга болбойт. Бул шайлоо менен заман бүтүп, токтоп калбайт. Эптеп эле барып бир орунду ээлеп калайын деген максат эмес. Түпкүлүктүү максатты коюш керек деп ойлойм, элдин, мамлекеттин келечегин ойлогон.

- Маегиңизге ырахмат

XS
SM
MD
LG