Бул максатта 19-23-ноябрда жетекчиликтин, аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин, коргоо министрлигине караган мекемелердин башчыларынын чогулуусу болуп, анда келерки жылга тапшырмалар коюулуп, быйылкы жылдын жыйынтыгы чыгарылат. Аскерий жетекчилер аскердик бөлүктөрдө болуп, ал жердеги техника, курал-жарактардын сакталышы, аскерлердин жашоо турмушу менен таанышат. Бул иштер коргоо министри Исмаил Исаковдун жетекчилиги астында өтмөкчү. (AiT)