Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жүгүртүүгө киргизиле турган металлдан жасалган акчалар 1 тыйын, 10 тыйын, 50 тыйын, андан кийин 1 сом, 3 сом 5 сомдук номиналда болмокчу. Металлдан жасалган тыйындарга жоогазындын сүрөтү, ал эми сомдордо көөкөрдүн сүрөтү тартылган. (AiT)