Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:50

Донбасста куткаруу иштери уланууда. Жер алдында калган отуздай кенчинин дайыны билине элек. Кырсыктан курман болгондор саны 72ге жетти, 25 киши ооруканаларга жеткирилди. Өкмөттүк комиссия Засядько атындагы шахтада метан газы эмне себептен жарылганын териштирүүгө киришти, кайгылуу бул окуяга байланыштуу кылмыш иши ачылды.

Кырсык жекшемби күнү таңкы саат үчтөрдө болду. Бу маалда жер алдында 450 кенчи көмүр казып жаткан экен, алардын 350 чактысы түпкүрдөн өздөрү чыгышты.Азыр ооруканада жаткан шахтерлордун бири Виталий Квитковски адегенде бирдеме жарылгандай болуп, жер алдында температура кескин ысып кеткенин, чаң уюлгуп, эчтеме көрүнбөй калганын айтып берди. Квитковски менен анын жолдоштору жер алдындыгы темир жол менен жөрмөлөп, трубаларга жармашып, эптеп жер үстүнө чыгышкан.

Кырсык болгон жерге келген Украинанын өкмөт башчысы Виктор Янукович лавалардын биринде өрт тутанып, аны өчүргөнү куткаруучулар иштеп жатканын кабарлады. Куткаруучулардын экинчи бригадасы түпкүрдөгү көчкүдөн жолу буулуп, жер алдында калган отуздай шахтерге жеткенге аракет кылышууда.

Донецкиде үч күнгө аза күтүү ырасмысы жарыяланды. Кырсыктан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө өкмөт 20 миң доллардан жардам көрсөтмөк болду. Окуянын себептери териштериле баштады,өлкөнүн башкы прокуратурасы кылмыш ишин ачты.

Засядько атындагы шахта жалпы Донбасстагы эң чоң жана кирешелүү ишканалардын бири. Бирок бу жерде мындай кырсык бир ирет болгон жок. 1999-жылы да бу жерде метан газы жарылып, элүү шахтер мерт болгон. Ушундай эле кырсыктан 2002-жылы 55, андан бир жылдан соң 20, былтыр сентябрда 13 кенчинин өмүрү кыйылган.

Дегинкисинде Украинадагы тоо-кен жайлары дүйнөдөгү эң кооптуу ишканаларга кирет. Баары болуп өлкөдө 174 шахта бар, алардын 50дөйү мындан эки жүз жылдай илгери ачылып, ошондон бери иштетилип келатат. Шахталардагы коопсуздук шарттарын эксперттер жадесе Кытайдагыдан да жаман дешет. Өкмөттүн ырасмий маалыматтарына ылайык, 1991-жылдан бери шахталардагы ар түрдүү кырсыктардан 4700 кенчи курман болду.
XS
SM
MD
LG