Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

КЫЗЫЛ КИТЕП ЖАҢЫРЫП ЧЫГАТ


Жаннат Токтосунова 23-ноябрда Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарлары киргизилген кызыл китептин экинчи, толукталган чыгарылышы жарык көрөт. Ага илбирс, ителги, ылаачын өңдүү жоголуп бара жаткан жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн 202 түрү кирет. Салыштырып көрсөк, кызыл китептин биринчи чыгарылышында бул сан эки эсеге аз.

Биринчи кызыл китеп 1985 –жылы жарык көргөн. Эл аралык жоболор боюнча кызыл китеп ар беш жыл сайын чыгарылышы керек. Бирок Советтер Союзу кулап, жаңы эгемен мамлекет курулуп жаткан кезде экологияга эмес, башка проблемаларга деле көңүл бурууга өкмөттүн чама-чаркы жетчү эмес.

Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик орган да бирде түзүлүп, бирде башка мекемелерге кошулуп отуруп, кызыл китепти чыгаруу, анын аткарылышын көзөмөлдөө колго алынбай калган.

Табиятты коргоо мекемелери менен болгон башаламандыкка карабастан, илимий изилдөөлөр жүргүзүлө берген. Азыркы кызыл китеп мурунку китептен кески айрымаланат. Себеби кеңири изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жоголуп бара жаткан жаныбарлар, курт-кумурскалар менен өсүмдүктөрдүн көптөгөн жаңы түрлөрү аныкталган.

2005-жылы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт. Андан көп өтпөй, кызыл китепке кирчү жандыктардын тизмеси Өкмөттүн жобосу менен бекитилген. Бирок кызыл китепти чыгарууга эки жылдан бери каражат табылбай келди. Акырында бул китеп үчүн БУУ алдындагы токойлорду сактоо боюнча атайы программа 20 миң АКШ долларын бөлүп, кызыл китептин 500 нускасы жарык көрмөй болду. Мунун ичинен 28 китеп Кыргызстандын көрүнүктүү илимий ишмерлерине берилет. Калгандары республиканын китепканаларына жана окуу жайларына таркатылат.

Дегеле айлана–чөйрөнү коргоодо кызыл китептин мааниси зор. Себеби, аны жаратылышты коргоо боюнча жобо деп атасак болот. Кызыл китепке кирген жаныбарлар, курт-кумурскалар жана өсүмдүктөрдү Кыргызстандын бардык жарандары сактоого милдеттүү. “Биом” экологиялык уюмунун башчысынын орун басары Илья Домашовдун айтымында, кызыл китеп, ага киргизилген жандыктар менен өсүмдүктөр жергиликтүү экология кандай абалда экенин көрсөтүүдө:

-Биздин милдетибиз - ал өзгөрүүлөрдү байкап тим болбостон, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн өзүнчө түрлөрүн гана эмес, жалпы айлана-чөйрөнү сактап калуу”.

Кызыл китептин чыкканы өзү эле жакшы кабар, бирок анын чыгарылышынан соң айлана–чөйрөнү коргоо боюнча көптөгөн иштерди аткаруу шарт. Кызыл китептин авторлору чү дегенде эле айлана –чөйрөнү коргоо боюнча жаңы мыйзамдар иштелип чыгышы керек деп эсептешет. Эски жоболор боюнча кызыл китепке киризилген илбирсти өлтүргөн браконьер 10000 сом айып төлөө менен жазадан кутулуп кете алат.

XS
SM
MD
LG