Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Ооганстанда жанкечтинин жакындагы жардыруусу учурунда каза тапкан жаш балдардын көбү жансакчылар тарабынан атылган болушу мүмкүн


Бул тууралуу Улуттар уюмунун өлкөнүн Баглан провинциясында 6-ноябрда орун алган окуяны иликтеген эксперттеринин отчетунда айтылган. Анда аталган провинцияда кант заводунун ачылышына депуттардын делегациясы келген учурда жанкечти жасаган жардыруудан 77 адам өлүп, 100 чактысы жаракат алган. Курмандыктардын көбү мектеп окуучулары эле. БУУнун эксперттеринин отчетунда айтылгандай, жарылуудан кийин депутаттардын жансакчылары чогулуп тургандарды көздөй баш-аламан ок атышкан. Иликтөө каза тапкан ошол 77 адамдын эң көп дегенде үчтөн экиси ок жеп мерт болгонун көргөзгөн. Ал эми бул окуя боюнча ооган өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын башчысы Мирза Мохаммед да ал мында ок жеп каза тапкандар болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбашын белгиледи жана алардын комиссиясы канча адам жарылуудан, канчасы октон мерт болгонун аныктай электигин кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG