Бул тууралуу өлкөнүн шайлоо комиссиясынан бүгүн билдиришти. Шайлоо 23-декабрга белгиленген. Каримовдон башка да каттоодон өткөн үч талапкер бар, бирок ага каршы чыкпай турган адамдар. Аслидин Рустамов жана Дилором Ташмухаммедова өкмөтчүл маанайдагы Элдик -демократиялык жана "Адилет" партияларынын өкүлдөрү, ошол эле кезде парламенттин төрага орун басарлары. Ал эми үчүнчү талапкер Акмал Саидов - парламент комиссияларынын биринин башчысы. Өзбекстанда оппозициячыл партиялардын бири да каттоодон өткөн эмес. Алардын лидерлери өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон.
Өзбекстанда президент Ислам Каримов мамлекет башчылыгына кайрадан талапкер болуп катталды