Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Еврошаркеттин өлкөлөрү Косовону көз карандысыздыгын бир тараптуу түрдө жарыялаганга ашыкпоого чакырды


Өткөн апта соңунда бул жердеги парламенттик шайлоодо алдыга чыкан жана Косовонун кийинки премьер- министри болору күтүлүп жаткан Демократиялык партиянын лидери Хашим Тачи провинциянын Сербиядан көз карандысыздыгы 10 –декабрдан кийин жарыяланарын билдирген эле. Себеби 10-декабрга карата Косовонун статусу боюнча буга чейин натыйжа бербеген сүйлөшүүлөр аяктап, эл аралык ортомчулар анын жыйынтыгы тууралуу Улуттар уюмуна отчет бериши керек. Швециянын тышкы иштер министри Карл Бильд Косово көз карандысыздыгын бир тараптуу түрдө жарыялоо менен эл аралык изоляцияга кабылышы мүмкүн экенин бүгүн министрлердин Брюсселдеги жыйыны алдында белгиледи. Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Асселборн да бул маселе эл аралык коомчулук менен координацияланыш керек деп эсептейт. Сербия Косовонун көз карандысыздык алышына караманча каршылыгын билдирип келүүдө.

XS
SM
MD
LG