Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

ЖЕРИҢ АЗАЙГАН МЕНЕН ЖЭЭНИҢ КӨБӨЙҮҮДӨ


Жакшы жашоонун айынан кыргыз кыздары жапонго тийип жапон бала, корейге тийип корей бала, арабга тийип араб бала төрөй баштады. Өткөн кылымдын 30-жылдарында кыргыздын мыкты жигиттери башка улуттун кыздарын алып, андан кыргыздын мыкты уул-кыздарын тарбиялап чыккан. Мисалы Төрөкул Айтматов татар кызын алса, Касым Тыныстанов уйгур кызына үйлөнгөн. Азыр болсо такыр тескери болуп жатат деп жазган «Агым» гезити кыргыз кыздарынын арасында башка улутка келин болуп баруу модага айланганын, кыргыз аялдары Батыштын үгүт-таасиринен улам көп бала төрөөдөн кача баштаганын, Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын көбүн аялдар башкарып турганы менен алардын бирөөнүн дагы чет өлкөгө ушундай максат менен кетип жаткан кыздардын жолун бууганга, шаарда аялдарды операция жолу менен төрөтүүнү токтотууга каршы программалары жоктугун, ошол эле учурда кыргыздар бала бакпай жүргөнсүп, бир катар Эларалык уюмдар үйбүлөнү пландаштыруу демиш болуп, кыргыздын менталитетине жат, ултту ушундай жол менен азайтуучу, бара-бара ок кылуучу чекке түртүп баратат деп коңгуроо какты.

«Кыргыз туусу» гезити 22 партия шайлоо жарышына түшөрүн, бирок Кыргызстандын шартында мына ушул 22 партиянын программасын окуп чыгып, ошого жараша добуш берүү мүмкүн болбой турган көрүнүш экендигин, элдин көбү тизмени карап турап андагы адамдардын кимиси өзүлөрүнө көбүрөөк жакса ошого добуш берерин, элестүү айтканда парттизменин башында турган 5-6 лидерди локомотивдерге салыштырса, калгандары жөн эле чиркелип бараткан «цистерналардан» турарын, алардын көбүнүн ичинде «куру желден» бөлөк эчнерсе жоктугун баяндайт. Бирок, деп жазат гезит, буга чейинки өткөн шайлоолордун мындай бир сабактары бар. Айрым округдарда добуш берүүчүлөр капчыктуулардын тараткандарынын баарын алып, анан урнага келгенде эр көкүрөктүүлөрдү, кызыл тилинен бөлөк колунан эч нерсе келбеген жылаңач баатырларды колдоп келген. Бул ирет шайлоо өнөктүгү негизинен партиялардын атаандаштыгынын күрөшү эмес, харизмалык лидерлердин күрөшү катары өтөт.

Шайлоо маселесине орус тилдүү «МСН» гезити да кайрылды. Айкашка аттанган 22 партиянын ар бири 100дөн кишини түзсө, анда ушу тапта бери эле дегенде 2200 киши депутаттыкты түш көрүп тынч уктай албай жатканын, эми мына ушул 2200 кишинин куда-сөөк, тайке-жээн, урук-тууган, дос-тамыр…жакын санаалаштарын бүтүндөй өлкө боюнча элестетип көрсөңүз, чынында эле бул шайлоо эң эле «горячая точкага» айланаарын белгилейт гезит макаласында.

Баса, Боршайкомдун мүчөсү Ж.Жолдошева айымдын айтымында 37 чет өлкөдө шайлоо участоктору түзүлүүгө тийиш. Ушундай участоктордун көбү Орусия менен Казакстандын аймагына туура келет. Казактар менен иш кыйла жеңил чечилүүдө. Бирок өзү да парламентине шайлоо өткөзүп жаткан Орусияда шайлоо участокторун түзүү ишинде бир катар кыйынчылыктар бар. Эң башкысы каражат жетпей жатат. Бул максат үчүн өлкө казынасынан 2 миллион сом бөлүнгөн. Бир эле Маскөөдө шайлоо өткөзүү үчүн 1 млн. 800 000 сом керек. Ошондуктан бүтүндөй Орусияда жашаган Кыргызстандыктарды толук камтый албагандан кийин алдыдагы шайлоо ачык-айкын, адилет өтөт деп айтуу кыйын. Айтор кандай болгон күндө да келаткан шайлоо Кыргызстандын тарыхына эң эле татаал, эң эле талаштуу шайлоо катары киргени калды окшойт деп кошумчалайт гезит.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG