Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Түркмөн президенти Гурбангулу Бердымухаммедов жакындагы жыйында өкмөттүн кыска мезгил аралыгында көңүл буруусун талап кылган тармактарды атады. Ал артыкчылык берген маселелер мурдагы президенттикинен кескин айрымаланганы менен берилген убадалар кандай аткарыларын, өлкөгө кандай өзгөрүү алып келиши мүмкүн экендигин алдыдагы убакыт көргөзмөкчү.

Гурбангулу Бердымухаммедовдун президенттик кызматты аркалай баштаганына келерки айда бир жыл толууда. Түркмөнстанда улуттук дүң өндүрүштүн өлчөмү жан башына эсептегенде соңку жылдары өсүү үстүндө гана экени айтылып келингени менен анын канчалык чын экени белгисиз. Газ жана мунай сатуудан түшкөн киреше экономиканын башка чөйрөлөрү үчүн сарпталган эмес. Калктын жарымынан көбү жакырчылыкта жашайт.

Маркум Сапармурад Ниязов газдан түшкөн акчаны ири долбоорлорго, көбүнесе ак сарайларды салууга жумшаганы менен социалдык чөйрөдөн, анын ичинде билим берүүдөн такай үнөмдөп келди. Өкмөттүн жакында теледен көргөзүлгөн жыйынында азыркы президент Бердумахаммедов абалды өзгөртүүнү убада кылды. Мектептерди тез өнүктүрүү үчүн Улуттук банка 4 миллиард долларга эсептелген стратегияны иштеп чыгууну тапшырды:

-Биздин азыркы программа боюнча 600дөй мектеп жана бала бакча курушубуз керек. Биз аларды курууга муктажбыз. Бирок бул программа боюнча биз аларды бир нече жылда салабыз. Мынча күтүүгө болбойт. Менимче, биз программаны эки баскычка бөлүшүбүз абзел. Андыктан, Улуттук банктын төрагасы, мен сизге айтып жатам, программанын биринчи баскычынын стратегиясын даярдап, 4 миллиард доллар ажыратышыңыз абзел. Долбоорду кантип аяктайсыз, бул сиздин ишиңиз.

Гурбангулу Бердумухаммедов мурдараак өлкөдө он жылдык милдеттүү билим берүүнү калыбына келтирген болчу.

Өкмөттүн бул жыйынында айыл –чарбасындагы абалды оңдоо жөнүндө сөз жүрдү. Дыйкандардын турмуш - шартын жакшыртуу үчүн алардан пахтаны күн мурунтан тикелей сатып алуучу компания түзүүнү сунуш кылган Бердымухаммедов ак алтын акысынын жарымын чет элдик валюта, жарымын улуттук акча - манат менен төлөө зарылдыгын белгиледи:

- Мен төмөнкүнү сунуш кылам, дыйкандардын кирешеси артыш үчүн алардын акысынын 50% валюта, 50% манат менен төлөнөт.

Белгилей кетчи жагдай, Түркмөнстанда улуттук акча - манаттын АКШ долларына карата расмий жана кара базардагы курсунун ортосунда беш эсе айрыма бар.

Түркмөн өкмөтүнүн 12- ноябрдагы отурумунда дагы бир кызык факт - пахта жана эгиндин дүң жыймынын чындыкка жакыныраак экени белгилүү болду. Өкмөткө берилген маалыматка караганда, быйыл 917 миң тонна пахта жыйналган. Маселен, Сапармурад Ниязовдун доорунда, 2005-жылы 2,2 миллион тонна пахта жыйналган деп жарыялаган болчу. Ал эми буудайдын дүң жыйымы быйыл 1 миллион тоннадан бир аз ашкан. Ниязовдун доорунда 2004-жылы бул көрсөткүч 2,8 миллион, 2006-жылы 3,5 миллион тоннага чейин чыкан эле. Далай адамга сыйлык берилип, далайлары кызматтан алынып, ошол кезде ун менен нандын тартыштыгы байкалчы.

Өкмөт жыйынында президент Бурдымухаммедов өлкө парламенти- мэжлисти инвестиция жана каржы боюнча мыйзамдарды эл аралык стандарттарга ылайыктабай жатканы үчүн да сынга алды. Президенттин айтымында, бул өлкөгө чет элдик инвестициянын келишин кармоодо.

Айтор, түркмөн президентинин өкмөт жыйынында жасаган убадаларынын канчасы ишке ашат аны мезгил көргөзмөкчү. Ал өз сөзүндө саясий жана демократиялык реформаларга токтолгон жок. Түркмөнстанда каттоодон өткөн бир гана саясий партия бар, бир дагы көз карандысыз маалымат каражаты жок жана президент бул чөйрөдө кандайдыр бир өзгөрүү болорун азырынча ишара кыла элек. Анткен менен оптимисттер мурдагы бийлик атүгүл билим берүү, салматтыкты сактоо тармагын жакшыртуу боюнча да эл алдында милдеттеме албаганын эске салышууда. Ушул тармактарга артыкчылык бергени эле Бердымухаммедов мурдагы президенттен башкачараак саясат жүргүзөрүнүн белгиси деп жатышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG