Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

ООГАНСТАНДА ЖАШ БАЛДАРДЫ ЖАНСАКЧЫЛАР АТКАН ШЕКИЛДИ


6-ноябрда Ооганстандын Баглан провинциясында жаңы заводдун ачылышына чогулган эл арасында жанкечти-террорчу бомба жардырып, сексенге чукул кишини, негизинен жаш балдарды жайран кылган эле. Бул ишти териштирип жаткан Улуттар Уюмунун эксперттери даярдаган жабык докладда шейит кеткендердин көбү жанкечтинин бомбасынан эмес, жыйынга катышкан депутаттардын жансакчылары аткан октон опот болушканы айтылат. Бирок муну ооган өкмөтү төгүнгө чыгарды.

Багландагы жанкечтинин балааматынан жер жазданган 77 кишинин арасында парламенттин алты депутатынан, эр жеткен ондогон кишилерден тышкары жоон топ жаш балдар бар эле. Алардын көбүнүн денесинен кийин автоматтын огу табылган. Ушундан улам Улуттар Уюмунун сактык жана коопсуздук бөлүмү даярдаган жабык докладда өмүрү кыйылган жаш балдар негизинен депутаттардын жансакчылары баш аламан аткан октон опот болсо керек деген божомол жасалган. Коомчулукка арналбаган бу документтин бир көчүрмөсү жакында Ассошейтед пресстин колуна тийген.

Багландагы окуяны ушу тапта ооган өкмөтү менен парламенти катарлаш иликтеп жатат. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Змары Башари ооган тергөөчүлөрү таптиштеп чыккан таныктарга Ассошейтед пресс таркаткан кабардагы маалыматтар кайчы келерин билдирди. Башари депутаттардын жансакчылары жарылуу болор замат ок атышканын ырастады. Бирок алар кыркалекей турган калың элди каратып кыдырыта ок жабылтышкан эмес, баары тең асманга аткылашкан, дейт Башари.

Ички иштер министрлигинин өкүлү билдирген бул маалыматтарды Улуттар Уюмунун Ооганстандагы Жардамдашуу миссиясынын өкүлү Адриан Эдвардс толук болбосо да жалпысынан бышыктады. Багландагы окуя азырынча териштирилип бүтө элек, бул жерде эмне болгонун, анын себеп-жөнүн тактап, аныктап чыкканга аракет кылып жатабыз, дейт Эдвардс.

Азырынча өз ара дал келбеген, карама-каршылыктуу фактылар өтө көп болууда. Ошентсе да Эдвардс окуя маалында мерт кеткендер менен жарадар болгондордун үчтөн экисине ок жаңылганын ырастады.

Ооганстанда ООНдун бир нече миссиясы бар. Эдвардс ошол уюмдар менен биргелешип Багланда канча киши жанкечтинин бомбасынан, нече адам депутаттардын жансакчылары аткан октон жайран болгонун тактап чыгышкан соң тийиштүү маалыматтар жарыя кылынат деп ишендирди.

XS
SM
MD
LG