Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

УКРАИНАНЫН КӨМҮР КЕНИНДЕГИ КЫРСЫК КЫРГЫЗСТАНГА САБАК БОЛО АЛАБЫ?


Жекшембиде Украинанын Донецк регионундагы эң ири көмүр кендеринин биринде метан жарылып кетти. Соңку маалыматтарга караганда, кырсыктан набыт болгондордун саны 72 адамга жеткен. Дагы 30дай кишинин тагдыры белгисиз бойдон калууда. Украинадагы кырсык Кыргызстандагы көмүр кендеринин абалына дагы бир ирет көңүл бурдурат. Анткени, адистердин айтымында, кыргыз шахталарында да кенчилер өтө опурталдуу жагдайларда иш алып барышат.

Кырсык болгон көмүр кени Украинадагы эң коркунучтуу шахталардын бири катары белгилүү. Засядько атындагы бул кенде буга чейин деле кырсыктар болуп келген, бирок азыркысы өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң чоң жоготуулардын бири болуп калат окшойт.

Эксперттердин айтымында, жалпы эле Украинанын көмүр өндүрүшү Кытайдагыдан да начар ишке коюлган, коопсуздук эрежелерине кайдыгер мамиле жаса тургандыгы айтылат. Мисалы, ушул эле жылдын башынан тарта өлкөдөгү шахталарда 115 адам кырсыктан көз жумду. Украин өкмөтү тоо-кен өндүрүшүндө абалды жакшырта албаганы үчүн сынга алынып келет.

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысынын орун-басары Ашымбек Сарымсаковдун айтымында, кыргыз шахтерлору да өтө оор абалда иштешет. Ал өзү да 28 жыл бою Сүлүктүдөгү көмүр кенинде кенчи болуп иштеген экен.

- Кыргызстандын шахталарында метан колдонулбайт, демек, Орусия, Украинаныкындай бизде жарылуу болушу мүмкүн эмес. Бирок бизде шахтанын ичиндеги тирөөчтөрдүн эскилиги жеткендиктен басып калуу, аба алмаштыруу болбогондуктан газга ууланып калуу фактылары кездешет.

Бүгүн Кыргызстанда көмүр казуучу 20дай ири ишкана бар, ал эми мезгил-мезгили менен гана иштеп турган менчик ишканаларды да кошкондо, саны 60дан ашат. Алардын дээрлик баарында абал бири-бириникине окшош – көмүр өндүрүүнүн көлөмү түшүп кеткен, аны жердин түбүнөн казып, сыртка алып чыгууга чейинки иштин 90% колдо жасалат.

“Мамлекет тарабынан колдоонун жоктугунан улам, көмүр казуучу ишканалар чыгашасын кыскартып, киреше алуу үчүн коопсуздукту жакшыртууга акча короткусу жок”, - дейт Ашымбек мырза.

- Дүйнөдө көмүр казып алуу боюнча эң алдыңкы мамлекеттердин баары мамлекеттик колдоо алышат. Мисалы, Францияда бир тонна көмүрдү казууга 96 АКШ доллары жардам катары бөлүнөт. Алыс кетпейли, Орусияда бир тонна көмүр үчүн 10 долларга чейин колдоо берилет.

“Азаттык”: Ал эми Кыргызстанда кандай бүгүн?

- Кыргызстанда 2001-жылдан 2005-жылга чейин ыраматылык Апсамат Масалиевдин жардамы менен 30млн.сомдон 50млн.сомго чейин каражат көмүр өндүрүүчү ишканаларга бөлүнгөн. Андан бери мамлекеттен колдоо көрсөтүү токтоп калды. Ошондуктан казылган көмүрдүн көлөмү да улам төмөндөп баратат.

“Азаттык”: Эмне үчүн мамлекет колдоону токтотуп койду?

- Ачыгын айтканда, 2005-жылкы ыңкылаптан кийин “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасына адис эмес адамдардын келиши себеп болду. Эми биз абалды оңдогонго аракет кылып жатабыз.

Кыргызстандагы шахталардагы абалды жакшыртып, көмүр өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн мамлекет тарабынан сөзсүз колдоо керек экендигин Кыргызстандын тоо-кенчилер Ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев да билдирди.

- Бизде бүгүнкү күндө мамлекеттик көзөмөл, колдоо болбогондуктан көмүр кендери эң эле жөнөкөй колдо, коопсуздук эрежелери сакталбаган абалда эле иштеп жатышат. Жеке менчик ишканалар өздөрү билгендей иштеп жатышкандыктан, жылына 10-15 адам түрдүү кырсыктардан көз жумат. Быйыл эле 11 киши кайтыш болду. Бизде бул өтө эле оор абалда.

Советтер Союзунун учурунда Кыргызстанда жылына 5 млн.тоннага жакын көмүр казылып алынчу. Быйыл, адистердин айтымында, 350 миң тонннын тегерегинде гана казыла тургандай болуп турат. Кышында керектелүүчү көмүрдүн калган бөлүгүн өлкө башка мамлекеттерден, мисалы, Казакстандан сатып алат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG