Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:53

ААЛЫБЕК АКУНОВ: ЖАРЫМ ПАЙЫЗДЫН АЙЫНАН ЧЫР-ЧАТАКТАР ЧЫГЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо кодексинин 77-беренесинин 2-пунктуна берген түшүндүрмөгө ылайык, парламенттик шайлоодо саясий партиялар жеңишке жетиш үчүн 0,5 % аймактык босогону шайлоочулардын республикалык тизмесинин эсебинен толтурууга тийиш. Бул маселе боюнча белгилүү саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов таңкы “Азаттыкка” маек куруп берген.

- Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо кодексинин 77-беренесине берген түшүндүрмөгө караганда, республикалык тизмеге ылайык региондордон 0,5 % добуш ала албаган партиялар депутаттык мандаттан кур калат экен. Муну бир топ байкоочулар өтө катаал шарт болуп калды деп айтып жатышат. БШК эмне үчүн ар бир региондон өз алдынча 0,5 % добуш топтоо жөнүндөгү маселени ушундай чечти?

- Бул норма кодекске президенттин указы менен кийин кошумча түрүндө киргизилген болчу. Бирок, көпчүлүк коомчулук муну ар бир региондун шайлоочулардын санынан 0,5 % экен деп түшүнүшкөн. Жумшак эле кабыл алышкан. Ошондо эле так жазып койсо болмок. Анда жалпы республиканын шайлоочуларынын саны 0,5 % деп так жазса, анда бул маселе ошондон бери кабыл алынып калмак же ушул чуу көтөрүлмөк. Албетте, регион деген түшүнүк Кыргызстанда жок. Муну облус деп жатышат. Ал эми облустар бирдей эмес. Мисалы, Ош облусу, Талас облусу дегендей. Шайлоочулардын саны ар кандай. Бир облуста 0,5 % алыш жеңил болсо, экинчисинде 0,5 % алыш чынында эле кыйын болот. Ушундай нерселерди башынан тактап алганда жакшы болмок. Кодекстин долбоорун иштеп чыкканда ошол иштеп чыгуучу адамдар түшүнүктүү кылып жазып койгондо жакшы болмок.

- Кээ бир саясатчылар айтып жатышпайбы бул демократиялык шайлоого бут тосуу болуп эсептелет деп. Мындан аркы жагдай кандай өнүгүшү мүмкүн. Мисалы, саясий партиялар ушуга туруштук бере алышабы?

- Албетте, тигил же бул саясий партия эгер ушул норманын айынан 0,5 % ала албай утулуп калышса, албетте, алар бул маселени көтөрүп чыгышы мүмкүн. Бул норманынын бир эле түшүндүрө турган жагы бар. Биздин мамлекет көп улуттуу мамлекет. Экинчи жагы уруу-урууларга, региондорго бөлүнүп жатпайбы мурунку бир мандат округдардын кесепеттеринен улам. Ошондон улам тигил же бул региондон эле добуш топтоп алып парламентке келбейсиң деген жагы бул колдоого татырлык. Бирок жалпы республикалык деп койгону, албетте, бул митингдердин, чыр чатактардын себеби да болушу мүмкүн.

- Борбордук шайлоо комиссиясы көз карандысыз иштеп берээри сизди канчалык ынандыра алат? Кечээки жаңы фактыдан, сын-пикирден улам ушундай суроо туулуп жатат?

- Кечээ биз дагы байкап отурдук. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдорун толгогондой эле сезилип турду. Эгерде минтип жүрүп отурса, анын обьективдүүлүгүнө кандайдыр бир шек туулушу мүмкүн.

- 22 саясий партия каттоодон толук өтүп бүтө элек. Бирок, өзүлөрүнүн тизмелерин толук тапшырып бүтүштү. 26-ноябрь акыркы күн деп айтылып жатат. Ушул саясий партиялардын кубаты жалпысынан алганда канчалык?

- Божомолдор бар. Мүмкүнчүлүктөр ар кандай. Анын арасында бир, эки, үч партиянын мүмкүнчүлүктөрү абдан жогору болсо, ал эми кээ бирлери, балким тапшырып көрөлү, тажрыйба топтойлу деген эле маанай менен катышып жаткандай сезилет. Аны жыйынтыктар көрсөтөт. Финансылык дагы, адамдык ресурстары дагы ар кандай.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Бурул Сарыгулова
XS
SM
MD
LG