Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:04

КАМБАРАТА-2 ГЭСинин КУРУЛУШУ АЯГЫНА ЧЫГАРЫНА ИШЕНИЧ ЧОҢ


Камбарата-2 ГЭСинин курулуш иштери жаңы жылдан тарта башталат. ГЭСтин 1-агрегатын ишке киргизүү милдетин алган “Нарынгидроэнергокурулуш” АК 2,5 млн долларлык жаңы техникалар сатылып алынгандыгын кабарлады. Ал эми бир жума мурда мамлекет тарабынан бөлүнгөн 300 млн сом “Электр станциялары” акционердик коому аркылуу которулмакчы. Ишкана алдына койгон милдеттенме боюнча Камбарата-2 ГЭСинин 1-агрегаты 2009-жылдын 22-декабрында ишке киргизилүүгө тийиш.

Камбарата-2 ГЭСин мамлекет өзү курат деп чечилген соң, анын 1-агрегатын ишке киргизүү милдетин “Нарынгидроэнергокурулуш” ишканасы алган. Аталган компаниянын башчысы Альберт Абазбековдун айтуусунда өткөн кылымдын 80-жылдарындагы курулуш техникалары учурдун талабына жооп бербей калды. Ошондуктан ишкана өз каражатына 2,5 млн долларлык заманбап техникаларды сатып алган:

-Мунун ичинен 1 млн 200 миң долларга таш майдалоочу жана бетон даярдоочу комплекс сатылып алынды. Мындан тышкары 500 миң долларга майда механизациялык жана геодезиялык техникаларды алдык. Калганына эксковатор, бетононасос жана башка автотехникалар алынды.

Бир жума мурун президент Курманбек Бакиев Камбарата-2 ГЭСинин курулушуна мамлекет тарабынан 300 млн сом которулганын жарыялаган. Бөлүнгөн каражат бүгүнкү күнгө чейин багытталган дарегине жеткириле элек. Анткени бөлүнгөн акча “Электр станциялары” АК аркылуу которулмакчы, дейт Альберт Абазбеков:

-Өткөн жумада которулган. Бирок аны түз эле бизге бере койбойт. Акча “Электр станциялары” акционердик коомуна түшүп, келишим боюнча биздин ишканага которулат. Келишим түзүү чынында убакыт алат, анткени юристтер жана башка бөлүмдөрдүн иши талап кылынат. Мунун баары бүттү, кудай буйруса эртең-бүрсүгүндөн колго тийип калат.

Альберт Абазбековдун кошумчалаганы боюнча мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат курулуш материалдарын сатып алууга жумшалат.

Курулуш материалдары демекчи, ГЭС курулушуна негизинен цемент сарпталат. Камбарата-2 ГЭСи тууралуу өкмөттүн токтомуна ылайык курулушту цемент менен камсыздоо Кант цемень-шыйпыр комбинатына жүктөлгөн. “Нарынгидроэнергокурулуш” АК башчысы Альберт Абазбековдун маалыматы боюнча КЦШК менен милдеттүү түрдө келишим түзүлгөн эмес. Цемент комбинат сунуштаган баа менен алынат.

ГЭС курулушундагы көйгөйлөрдүн бири –адис курулушчулардын жетишсиздиги.
“Нарынгидроэнергокурулуш” АК учурда бул маселе толугу менен чечилип калды деп билдирүүдө. Ишкана жетекчиси Альберт Абазбековдун айтуусунда Орусиянын Бурей ГЭСинде иштеп жаткан Кыргызстандык 300 гө чукул курулушчулар менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, ушул тапта Камбарата-2 ГЭСинин курулушунда иштөө үчүн 50дөй адис кайтып келген. Мындан тышкары компаниянын өзүндө 850 адис бар. Алардын жардамы менен башкаларды кесиптик багытта окутуу жүргүзүлөт. Жалпысы болуп 3,5 миңге чукул жумушчу талап кылынат. Альберт Абазбековдун маалыматы боюнча курулуш иштери толугу менен жаңы жылдан тарта башталат.

Камбарата-2 ГЭСинин 1-агрегатын ишке киргизүү үчүн 5 млрд сом бөлүнмөкчү. Анын ичинен 1,5 млрд сомду “Электр станциялары” АК төлөп берет. 1-агрегат ишке киргенден кийин, аны пайдалануудан түшкөн каражат 2-3-агрегатты бүтүрүүгө өбөлгө түзөт. Мындай пикирин энергетика тармагынын адиси Райымбек Мамыров “Азаттыкка” билдирди:

-Биринчи агрегаттын ишке киришинен биз эмнени утабыз? Жок эле дегенде 5 миң жаңы жумушчу орду түзүлөт. Мындан тышкары аны иштетүүдөн алынган электр энергиясы биз үчүн кошумча байлык. Элдин өзүндө, мамлекетте мына ушундай ири курулуштарды куруу биздин деле колдон келет экен, деген ишенич түзүлөт. Албетте 2-3-агрегатты куруу үчүн бизге көп каражат керек болот.

Райымбек Мамыровдун белгилөөсү боюнча ГЭСтин иши өлкөнүн экономикалык абалын оңоого чоң салымын кошот.

Ошентсе да ГЭСтин курулушу аягына чыгабы деген кооптонуулар болуп келүүдө. Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекет тарабынан мындай ири долбоорлор ишке ашырылбагандыгы, албетте кооптонууларга негиз түзөт, бирок Камбарата-2 ГЭСин куруу тууралуу маселе президент тарабынан козголуп, өзү көзөмөлгө алып аткан соң, аягына чыгат деген үмүт бар дейт дагы бир адис-энергетик Жамалбек Түлөбердиев:

-Камбарата-2 ГЭСин куруу тууралуу маселени Курманбек Бакиев премьер-министр болуп турганда эле 2001-жылы козгоп, атайын токтом чыгарган. Бирок анда ишке ашпай калган. Эми минтип кайра өзү жоопкерчилигин алып, көзөмөл кылам деп атат, катуу талап жана көзөмөл кылса эле аягына чыгат. Ишенич бар,-дейт Жамалбек Түлөбердиев.

Камбарата-2 ГЭСи ишке кирсе саатына 360 миң кВТ электр энергиясын иштеп чыгара алат. Бул өлкөнүн ички керектөөсүн кошумча камсыздоодон тышкары электр энергиясын сыртка кошумча экспорттоого мүмкүнчүлүк түзмөк.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG