Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

11 ПАРТИЯ БШК ТАЛАП КЫЛГАН АЙМАКТЫК КВОТАГА КАРШЫ


Бишкекте 11 саясий партиянын лидерлери чогулуп, 0.5% добушту партиялар региондордон жалпы республикалык тизмеден алыш керек деген БШКнын чечимин талкуулашты. Жыйын соңунда президентке кайрылуу кабыл алып, анда БШКнын чечимин жокко чыгаруу талабы коюлган. Президенттик “Ак жол” партиясы да БШКнын чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко арыз камдап жатканын билдирди.

Бишкекте болгон жыйынга «Атамекен»,
«Асаба», «Арнамыс»,"Социал-демократтар партиясы", «Жашылдар партиясы», «Родина» (Ватан), «Тынчтык» жана башка партиялардын лидерлери, өкүлдөрү катышты. Жыйын жабык эшик артында өтүп, анда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими талкууланды. Белгилүү болгондой БШК 19-ноябрдагы жыйынында саясий партиялар 0.5% добушту региондордон, шайлоочулардын жалпы республикалык тизмесинен алууга тийиш деген чечим кабыл алган. Бул чечим бир катар саясий партиялардын кескин нааразылыгын пайда кылып, алар БШКнын чечимин мыйзамсыз катары баалашууда.

20-ноябрда жабык эшик артында өткөн жыйында саясий партиялар президентке кайрылуу кабыл алышты. Ал тууралуу «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

-Президентке кайрылуу кабыл алдык. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы «үтүрү» бар экен деп кабыл алган чечими туура эмес экенин далилдеп бердик. Анткени, кыргызча (Шайлоо кодексинин) тексттинде үтүр жок. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамда жана Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө мыйзамда орусча текст менен кыргыз тексттинде дал келбөөчүлүк болсо, анда кыргыз текстти түп нуска деп эсептелинет деп белгиленген. Ошондуктан БШКнын чечими ойлонуп чыгарылган нерсе деп туруп, президентке бердик.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, мыйзамдарга түшүндүрмө берүүгө Жогорку Кеңеш укуктуу. Парламент жок болгондуктан анын ыйгарым-укуктары президентке берилет. Ошондуктан президент БШКнын чечимин жокко чыгарыш керек.

Жыйынга катышкан «Атамекен» партиясынын өкүлү Кубатбек Байболов партиялар президенттен жоопту бир күн күтөөрүн билдирди:

-Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимин Конституциянын кепили катары эртеңки кечке чейин жокко чыгарыңыз деп кат жиберебиз. Эгерде эртең кечке чейин чечим кабыл алынбаса, анда кечинде кайрадан чогулуп, башка чараларды ойлонобуз деген чечимге келдик.

Эртең кабыл ала турган чечимдер кандай болушу ыктымал деген суроого Байболов минтип жооп берди:

-Ар кандай болушу мүмкүн. Бойкот болушу мүмкүн. Митинг болушу мүмкүн.

Бирок, президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев БШК туура чечим кабыл алганын, «Шайлоо» Кодексинде баары так жазылганын белгилеп, буларга токтолду:

-Негизи Кодексте БШК кабыл алган чечимдей эле жазылып турат. Юрист эместерге муну түшүнүү кыйыныраак болсо, юристтерге бир жактуу түшүнүктүү. Анткени, шайлоо жараянында эки шайлоо бирдиги бар. Мисалы, административдик-территориялык бирдиктер, анан шайлоо бирдиктер деген бар. Ошондо участок жана округ деген бар. Андан башка бирдиктер жок. Ошол себептен шайлоочулардын тизмелери участокто болот, анан округда болот. Облуста, райондо шайлоочулардын тизмеси деген түшүнүк жок. Ошондуктан 0.5% округдун шайлоочуларынын тизмесинен алыныш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG