Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

АДАХАН МАДУМАРОВ: ШАЙЛОО АКЫЙКАТ, КАЛЫС ӨТӨРҮНӨ ИШЕНЕМ


Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаров кызматынан чегинди. Мунун себебин ал жакындап келе жаткан парламенттик шайлоого байланыштырды. Адахан Мадумаров журналистттердин суроолоруна жооп берип жатып, шайлоо калыс жана адилет өтөрүнө ишенерин билдирди. Ошол эле учурда 0,5 жана 5 пайыздык босого тууралуу жобого нааразы болгон саясий партия өкүлдөрү шайлоо адилет өтпөйт, мунун арты элдин нааразылыгына жана масштабдуу чыр-чатакка алып келет деген божомолдорун айтып чыгышты.

Адахан Мадумаров “Ак жол” партиясынын атынан парламентке баруучу тизмеге киргизилип, БШК тарабынан каттоого алынган талапкер. Ал бүгүнтөн тарта мамлекеттик катчылык кызматын тапшырып, шайлоого баш-оту менен кирерин билдирди:

-Бүгүнтөн баштап шайлоого байланыштуу мамлекеттик катчылык кызматымды тапшырдым. Бул тууралуу бүгүн президент Курманбек Бакиев менен сүйлөштүк. Эми толук кандуу шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алдым.

Шайлоо кодекси боюнча мамлекеттик кызматта иштеген талапкерлер БШК тарабынан катталгандан беш күндүк мөөнөт ичинде кызматтарын тапшырууга тийиш.

Адахман Мадумаров БШК кечээ парламенттик шайлоодо ар бир региондон жалпы шайлоочулардын 0,5 пайыз добушун алган партияларга гана депутаттык мандат бөлүштүрүлөт деген чечими боюнча пикирин да ортого салды. Анын ою боюнча бул жобо –саясий партиялардын биригүүсүнө алып келүүчү, күчтүү партиялардын жаралышына өбөлгө түзүүчү жобо. Анын айтымында өкмөт түзүүчү партия жалпы Кыргызстандын саясий партиясы болууга тийиш:

-Башмыйзам боюнча парламенттик шайлоодо жеңишке ээ болгон партия президентке өкмөт башчысын сунуштайт. Демек, бул партия –бүтүн Кыргызстандын саясий партиясына айланышы керек. Эгер кандайдыр бир саясий партия кайсы бир облустан 0,5% добуш жыйнай албаса, бул кандай бүткүл мамлекеттик аренага чыккан партия болуусу мүмкүн?

0,5% босого боюнча БШКнын кечээки чечимине бир катар саясий партиялар каршы чыгып, аны бийлик партияларынын кызыкчылыгында жасалган аракет катары сынга алышууда. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев бул жобо менен миңдеген шайлоочулардын укугу тебеленип жатат. Мунун арты шайлоонун мыйзамсыз өтүшүнө алып келет, ал эми бул элдин нааразылыгын туудурат деген пикирин “Азаттыкка” билдирген:

-Андай болсо эл нааразы болуп, толкушу мүмкүн. Мындай көрүнүш буга чейин болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар дал ушул парламенттик шайлоодогу адилетсиздиктен улам келип чыккан. Эл чыдай албайт. Эл-журт демократияга умтулуп атат, шайлоо адилеттүү болсо Жогорку Кеңешке мыктылар келет, деп ишенип, күтүп атат, -деген Топчубек Тургуналиев.

Экс-мамлекеттик катчы болсо келе жаткан парламенттик шайлоо мурдагы бийликтин тушундагы шайлоолордон айырмаланып, акыйкат, калыс өтөт деп ишенет:

-Өзүңүздөр көрүп атпайсыздарбы, азыр ошол мезгилдегидей маселе жок. Жанагы жыйындар залын жаап, клубдарга киргизбей, мектептерге жолотпой келбеди беле. Азыр анын бири жок, байкап атасыздарбы? -дейт Адахан Мадумаров.

Ал эми айрым саясий партиялар, коомдук уюмдар жакындап келе жаткан парламенттик шайлоодо бир партиянын кызыкчылыгы үчүн административдик ресурстар колдонулат, бул азыртан эле башталды деген билдирүүлөрүн жасашууда. Шайлоо алдындагы кырдаалга байкоо жүргүзүп жаткан “Шайлоочулардын укугун коргоо” комитети эмитен эле айрым партиялар тарабынан шайлоо мыйзамы бузулуп баштагандыгын кабарлоодо. Аталган комитеттин өкүлү Елена Воронинанын “Азаттыкка” билдиргени боюнча жер-жерлерде кайсы бир партиялар үгүт иштерин баштады:

-Биз шайлоочулардын укугунун корголушу боюнча байкоо жүгүзүп баштадык. Азыртан эле көп сандаган мыйзам бузуулар болуп жаткандыгын байкадык. Биздин Таластагы, Кеминдеги өкүлчүлүктөрүбүзгө айрым бир саясий партиялардын кандайдыр бир деңгээлде мыйзам жана шайлоо кодексин бузгандыгы тууралуу жарандардан кайрылуулар түшүп жатат. Биз мунун баарын тиешелүү тартипте БШКга жиберебиз,-дейт Елена Воронина.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG