Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:45

ОН АЙДА ЭЛЕ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 898 АДАМ КАЗА БОЛГОН


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматтарга караганда өткөн он айда өлкө аймагында төрт миң тогуз жүз беш жол кырсыгы катталып, андан 898 адам каза болгон. Мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери автокырсыктардын көп болуп жатыш себебин жолдо жүрүү эрежелери сакталбай, транспортту катуу ылдамдыкта айдоо себеп болууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, быйыл өлкөдө он айда эле 4095 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 898 адам каза болуп, 5021 адам жаракат алган. Бул өткөн жылдагыдан эки эсеге көп. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында, жол эрежесин сактабаган айдоочулардын кесепетинен, көптөгөн бейкүнөө жарандар жабыр тартып калышууда.

Жалпы республика боюнча МАИнин болгону беш тосмосу бар. Автоунаалардын каттамы огеле көп.
Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Болотбек Борбиевдин айтымында жол эрежесин бузгандардын негизги бөлүгү автоунааларды катуу ылдамдыкта жана мас абалында айдагандар. Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочулар жабыр тарткандарга жардам берип, ооруканага жеткирүүнүн ордуна качып, изин жашырып кетүүдө. Быйыл эле жүзгө жакын адамдын өмүрүн кыйып качып кеткен айдоочулар табылбай издөөдө жүрөт.
Ошол эле учурда көпчүлүк айдоочулар автокырсыктардын күн санап өсүшүн жол эрежелерин билбеген жаш айдоочулардын опсуз көбөйүп кеткендигинен көрүшөт. Кеминдик айдоочу Ислам Исраиловдун айтымында, чоңдордун, байлардын балдары айдоочулук кесипке атайын окубай эле күбөлүктү сатып алышат да, кымбат баалуу чет өлкөлүк үлгүдөгү автунааларды каалагандай айдашат.

Бишкек шаардык МАИ башкармасынын капитаны Алымбек Малаев “мындай чет өлкөлүк автоунааларды кубалап жетүү да кыйынга турат”- дейт. Ал эми айдоочулукка үйрөтүүчү мекеме өкүлдөрү айдоочунун күбөлүгү сатылары тууралуу дооматтарды караманча төгүндөп келишет.

Кыйма-чийме жолдордун сапатынын начардыгы кырсыктардын дагы бир негизги себептеринин бири катары аталып келет. Мындай көз караштагылардын бири – Ысыккөлдүк айдоочу Канат Карыбаев:

- Жолдун көпчүлүк бөлүгү уңкур-чуңкур болуп атпайбы. Бул жердеги чоңдор оңдоп атабыз дегени менен борбордук жолдор оңдолуп, башка жактагы жолдор каралбай калбадыбы. Боом капчыгайы, Нарын, Ысыккөл тараптан эмнеге көп кырсык катталып атат, демек автожолдор кууш, жаман жана начар. Чуңкурлардан буйтайбыз деп атып сүзүшүп атышпайбы. Менин оюмча, жол кырсыгынын чыгышына негизинен кан жолдордун талапка жооп бербегени себеп болууда.

Бишкектик айдоочу Султан Дөөталиев адам өмүрүн алган жол кырсыгына МАИ кызматкерлери өздөрү шарт түзүп жатат дейт. Анын баамында, инспекторлор жол эрежелеринин сакчысы болбой эле, айдоочуларды айыпка жыгып, каражат өндүрүүгө кызыкдар болушууда.

Айдоочу Алмаз Кудайбергенов Транспорт министрлиги бир тараптуу жолдорду, ыкчам жүрүүчү кан жолдорду көбөйтсө, ошондой эле МАИ тармагы жол эрежелерин бекем сактоонун механизмин иштеп чыкса, жол кырсыгы алда канча азаймак дейт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG