Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

Бишкек шаар жетекчилиги көчө жыйын, жөөжүрүш, нааразылык билдирүүнү башкалаанын атайын бөлүнгөн жеринде өткөрүү жол-жобосун шаар кеңеш депутаттарынын кезектеги жыйынына сунуш кылууда. Буга чейин да башкалаанын эл өкүлдөрү көчө жыйын, жөө жүрүштөрдү өткөрүү тартибин бекитип, бирок ал Башмыйзамга кайчы келерин эскертип, ошол эле шаар кеңеши мурдагы кесиптештеринин чечимин жокко чыгарган. Конституциялык адам укугуна байланышкан маселенин кайрадан калкып чыгышын азыркы бийлик саясий талаш-тартыштарды токтотуп, мындан ары жалаң экономикалык маселелерди чечүү зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

2005-жылдын мартынан бери көчө жыйын, жөө жүрүш, жалпы нааразылык билдирүүлөр өтчү жай башкалаанын «Алатоо» же болбосо эски аянты болууда. Андай көпчүлүк катышкан жыйындардын соңкусу быйылкы апрель айындагы «фронтчулардын» демилгеси менен уюштурулуп, жыйынтыгы аянттагыларды кууп-таркатуу менен аяктаган. Улуттук саясий эрмекке айланып бараткан көчө жыйын, нааразылык билдирүүлөрдүн көбөйүп баратышы, Бишкек шаар кеңешинин депутаты Аманбай Кайыповдун ырасташынча, толгон-токой экономикалык маселелердин убагында чечилишине тоскоолдук кылат.

- Биз мына канча жылдан бери жалаң көчө жыйын менен эле алек болуп калдык. Андан көрөк биз экономика менен, шаарыбыздын гүлдөп-өнүгүшү үчүн иштешибиз керек. Негизинен мен дагы ошого макулмун,- дейт Аманбай Кайыпов.

Бишкек шаар жетекчилигинин жаңы демилгеси жарыя айтыла электе эле азык-түлүккө баалардын кымбатташы калктын социалдык аялуу катмарына оорчулук келтирерин айтып Кыргызстан жашылдар партиясы «Алатоо» аянтына нааразылык билдирип чыгышкан. Бирок да ички иштер кызматкерлери аянтка чыккандардын биртобун кармап, жыйын өтпөй калган. Жашылдар партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Тилек Сыдыков шаар бийлигинин адам укугун чектөө аракети Башмыйзамга кайчы келет, деген пикирде.

- Тиякка барганда аларды ким көрмөк эле. Жолдон өтүп бараткандар көрөбү? Коомдук жыйын деген көпчүлүк эл чогулчу жерде өтүш керек. Жогорку Кеңешке кайрылууга келгендер анын имаратынын алдына келип, кайрылуусун билдириши зарыл. А тигил жакка барып кыйкырганда Жогорку Кеңештегилер угушмак беле! Көңүл бурбайт да. Мунусу туура эмес.

2005-жылкы март окуяларынан кийин абыдан күчөп кеткен көчө жыйын, нааразылык билдирүүнүн аркыл ыкмаларынан тажаган азыркы бийлик жалпы эле жаңырыктуу чогулуштардан көңүлү калып, мындан аы жалаң гана экономикалык маселелерди чечүү аракетине өтүү зарылдыгын айтып келатат. Бирок да эки жылдан берки экономикалык көрсөткүчтөрдүн чеке жылытпаганы, коррупция ооздукталбай, баштагыдай ээн-жайкын жайылып жатканы жаңы бийликке өзгөчө үмүт арткандардын ишенимине суу себүүдө.

Көпчүлүктүн көкшүнүндөгү пикирлердин маал-маалы менен сыртка чыгарылып, төгүлүп турушу зарыл. Ушул эле Бишкек шаар кеңеши 2005-жылдын башында көчө жыйын, нааразылык билдирүү Бишкектин чок ортосундагы Максим Горький атындагы аянтта өтүшү керектигин ырастаган чечимин кабыл алган. Бишкек шаар кеңешинин мурдагы төрайымы Нукржамал Байболованын айтуусунда, анын натыйжасы 2005-жылдын 24-мартына алып келген.

- Азыр болсо ошондой бир материалды даярдап жатышыптыр деп уктум мен дагы. Мен ойлойт элем, Бишкек шаар кеңеши өзүнүн токтому, өзү кабыл алган документтери менен Кыргызстандын Конституциясы тарабынан жарандарга берилген укукту, кепилдикке алынган укуктарын чектөөгө укугу жок. Мыйзам чегинде андай укуктары жок.

Конституциялык адам укугуна байланышкан нааразылык билдирүү мүмкүндүгүн Максим Горький аянтынан да ыраак, борбордон окчун жерге которуу аракетин 2005-жылдын 24-мартында кылкылдаган көпчүлүктү «Алатоо» аянтына баштап келгендер көтөрүп жатышканы биртопторду таңдантууда. Бийлик алмашуудан кийинки эки жылдан соң кабелтең тартып калган азыркы башкаруучулар, кыязы, ыңкылапчыл өлкөдө кылкылдаган көпчүлүктүн «кетсин!» урааны шаар четиндеги бак ичинде жаңырып турушун каалайт окшойт.
XS
SM
MD
LG