Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:42

Ирандын өзөктүк программасына байланышкан эл аралык талаш татаалдашып бара жаткандай. Бир жагынан кризисти чечүүнүн жолдору боюнча жаңы идеялар карала баштагандай. Ошол эле учурда Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин талаптарын аткарбаганы үчүн ага каршы катаал санкция киргизүүнү жактагандар үчүн тоскоолдуктар чыгууда.

Кошмо Штаттардын Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши аркылуу Иранга каршы жаңы санкция киргизүү үмүтүнө ириде Кытай жана Орусия суу сээп жаткандай. Маселен, Кытай Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германиянын Иран проблемасы боюнча кечээгиге белгиленген жыйынынан күтүүсүздөн баш тартты. Жүйөө катары саясий эмес, убакыт маселесин атаганы менен Кытай мындай кадам аркылуу жаңы санкцияларды колдоого дилгир эмес экенин көргөзүүдө. Эсперт Петр Лир анын себебин мындайча түшүндүрөт:

- Кытай Ирандын мунай – газ тармагына миллиарддаган доллар инвестиция салган жана инфраструктура курууга жардам берип келүүдө. Негизинен Кытай Иранга өзүн энергия менен камсыздоо үчүн муктаж.

Ал эми Орусия карама –каршылык курчуп турган азыркы шартка карабай, өзү Иранда куруп жаткан Бушер атомдук электростанциясына өзөктүк отун жиберүү иш -чарасын жакын аралыкта баштарын билдирүү менен жаңы санкцияларга кызыкдар эмес экенин ачык ишара кылды.

Бушер атомдук станциясынын курулушу азырынча аяктай элек. Анткен менен Орусиянын өзөктүк отун өндүрүүчү мамлекеттик ТВЕЛ корпорациясынын 16-ноябрдагы жарыясына караганда, МАГАТЭ уюму менен Иранга кетүүчү контейнерлерди текшерип, мөөр басуусу келерки аптага макулдашылды.

Кошмо Штаттар болсо БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагындагыга параллель иш жүргүзүп да келүүдө. Вашингтон буга чейин Иранга каршы өз тарабынан каржылык санкцияларды жарыялаган жана башка өлкөлөр да ушундай эле кадамга баруусун көздөйт. Азырынча бул жагынан АКШга жаңы жана негизги өнөктөш катары француз президенти Николья Саркози чыгууда.

Бул аралыкта ирандык укук коргоочу, Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбади мекендештерин өзү баштаган улуттук тынчтык өнөктүгүнө кошулууга үндөп, Вашингтонду Тегеранга эл аралык мыйзамдын алкагында мамиле кылууга чакырды:

- Биз эки тарап тең эл аралык мыйзамды урматтоосун каалайбыз жана аларга муну эскертебиз. Кошмо Штаттар Иранга эл аралык мыйзамдын чегинен тышкары мамиле кылууга укугу жок, Иран да өзүн дубал менен тосуп, "эл аралык укук менен ишим жок" деп, Коопсуздук кеңешинин чечимдерине көңүл бурбай коё албайт.

Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбадинин пикиринде, Иран АКШнын ыктымал аскерий чабуулун алдын алуу үчүн шектүү өзөктүк программасын токтотушу абзел.

Санкция маселеси Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги кечээги жыйынынын да күн тартибине киргизилген эле. Еврошаркет бул багытта бир саясатка келүүсү үчүн Британия менен Франция күрөшүүдө. Бирок 27 өлкө ортосунда мунаса табуу жеңил эместей, себеби айрым өлкөлөр санкция колдонууну жактабайт. Уолтер Пош –франциялык аналитик.

- Ажырым тобокелчилиги, балким, Ирак маселесиндегидей жогору эмес. Бирок, бир жагынан Британия, Франция жана экинчи жагынан шаркеттин калган өлкөлөрү ортосунда жарака кетүү ыктымалдуулугу бар.

Бул аралыкта кризисти жөнгө салуу жараянына Швейцария аралаша баштаганы белгилүү болууда. Өлкө президенти Мишлин Кальми - Рей алар АКШ менен Иран ортосунда түз сүйлөшүү өтүшүнө көмөктөшүүнү көздөп жатканын ырастады. Швейцар президенти жогорудагыдай өтүнүч менен ким кайрылганын айткан жок, бирок өлкөнүн бейтарап статусунан улам Ирандын өзөктүк программасына байланышкан кризисти жөнгө салууда алардын ортомчулук ролунун мааниси жогору экенин белгиледи.

Вашингтон жана Тегеран 1979 –жылы мамилесин үзгөндөн бери АКШнын Ирандагы дипломатиялык иштерин Швейцария аткарып келүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG